Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-августундагы № 26/8
Чет-Нура айыл аймагынын Ийри-Суу айылындагы кичи футболдук аянтча куруу долбоорун Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын Ийри-Суу айылындагы кичи футболдук аянтча куруу долбоорун Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө Ийри-Суу Дүйшөн уулу Кенжебектин баяндамасын угуп жана кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын Ийри-Суу айылындагы кичи футболдук аянтча куруу үчүн 3 млн 173 миң 210 сомго даярдалган долбоор Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан жактырылып Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ийри-Суу айылынын айыл башчысы Дүйшөн уулу Кенжебекке тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Өмүрбеков |