Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 811
Социалдык-экономикалык багыттагы объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 337 , 2026-жылдын 26-июнундагы № 440 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Социалдык багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу чөйрөсүндөгү милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы төмөнкүлөрдү долбоорлоо жана куруу боюнча башкы подрядчы болуп аныкталсын:
1) борбордук футбол стадионун;
2) турак жай кварталдары менен соода комплексин (жаңы Ош базарын);
3) автобекет комплексин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн комплекстердин жана борбордук футбол стадионунун курулушун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан берилген долбоордук-сметалык документтерге ылайык белгиленген тартипте акча каражатын издеп тапсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууну колдонуу менен куруу боюнча иштерди сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылсын;
2) төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
– ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн борбордук футбол стадионун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Спорттук комплекс» мамлекеттик ишканасына;
– ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн соода комплексин (жаңы Ош базарын) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кыял» улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси» мамлекеттик ишканасына;
3) ушул токтомдун 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн автобекет комплексин курулушу аяктагандан кийин жергиликтүү кеңештин макулдугу менен белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык менчикке өткөрүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 337 , 2026-жылдын 26-июнундагы № 440 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
1) техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин жана башка ченемдик документтердин белгиленген талаптарынын сакталышына көзөмөл жана контроль жүргүзсүн;
2) долбоорлоого жана курууга архитектуралык-шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерди алууда, курулушу бүткөн объектти экспертизадан өткөрүүдө жана пайдаланууга кабыл алууда көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |