Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-августундагы № 26/9
Чет-Нура айыл аймагынан Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин дем берүүчү үлүштүк грантына, Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна, Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорлорго, өтүнмөлөргө өздүк салым катары Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынан Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин дем берүүчү үлүштүк грантына, Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна, Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорлорго, өтүнмөлөргө өздүк салым катары Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө бюджет комитетинин баяндамасын угуп жана кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынан Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин дем берүүчү үлүштүк грантына, Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна, Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорлорго, өтүнмөлөргө өздүк салым катары төмөндөгү таблицага ылайык бөлүнүп берилсин.
Дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлор | ||||
№ | Долбоордун аталышы | Жалпы наркы | Өнүктүрүү фонд | Өздүк салым |
1. | Чет-Нура бала бакчасына кошумча корпус куруу | 5 173 290 | 1 408 290 | 765 000 |
2. | Чет-Нура айылдык клубуна жылытуу системасын орнотуу жана чатырын жылулоо | 2 050 070 |
| 307 510 |
3. | Төш-Булак башталгыч мектебинин айланасын коруу | 1 771 720 |
| 266 000 |
Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорлор | ||||
4. | Б.Бекжанов атындагы орто мектебине инвентарь алуу | 1 422 965 |
| 50 000 |
5. | Төш-Булак айылына кичи футболдук аянтча куруу | 3 360 000 |
| 50 000 |
6. | Орто-Нура айылындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонттон өткөрүү | 15 017 240 |
| 375 000 |
7. | Чет-Нура айылындагы коомдук мончону капиталдык ремонттон өткөрүү | 1 329 340 |
| 32 420 |
Нарын райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорлор | ||||
8. | Орук-Там айылына кичи футболдук аянтча куруу | 3 360 000 |
| 50 000 |
9. | Байток ата көчөсүнө тратуар салуу | 3 087 450 |
| 89 920 |
10. | Станбек ата көчөсүнө тратуар салуу | 3 087 450 |
| 89 920 |
11. | Орто-Нура жана Чет-Нура айылдарынын таза суусунун башын коруу | 845 760 |
| 38 420 |
12. | Чет-Нура бала бакчасын брусчаткалоо | 651 870 |
| 25 070 |
13. | Асек Жумабаев атындагы Ак-Кыя айылдык клубунун жылуулук системасын орнотуу жана капиталдык ремонту | 3 800 000 |
| 50 000 |
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы долбоорду ишке ашыруучу жетекчилерге тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Өмүрбеков |