Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү I CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 27-ноябрындагы №1/2
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 27-ноябрь 2024-жылдагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. Меңдибаева Элизат Акылбековна Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
Төрага | С. Бектемир уулу |