Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү I CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 27-ноябрындагы №1/3
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын дайындоо жөнүндө
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинде:-
1. Экономика тармагы боюнча туруктуу комиссия:
· Бюджет,экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, муниципалдык менчик, курулуш жана транспорт боюнча комиссия;
2. Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия:
· Мыйзамдуулук, депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, регламент, боюнча комиссия;
3. Айыл чарба багыты боюнча туруктуу комиссия:
· Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, айыл чарбасы жана экология, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча комиссиясы;
4. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия:
· Билим берүү, жаштар жана спорт, маданият, саламатык сактоо жана башка социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялары түзүлсүн.
2. Бюджет,экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, муниципалдык менчик, курулуш жана транспорт боюнча курамына:
1. Муктарбек уулу Бактыбай
2. Эсенбеков Асейин Эсенбекович
3. Керим уулу Аман
4. Жапаров Нурбек Курманбекович
5. Асан уулу Урмат
Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, регламент, айыл чарбасы жана экология боюнча курамына:
1. Мамырова Ардак Абдылдаевна
2. Оролов Бек Магдыбекович
3. Абдразаков Марс Нарынбаевич
4. Кыштообаева Бактыгүл Кубанычбековна
· Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, айыл чарбасы жана экология, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча комиссиясы;
1. Жетиген уулу Амантай
2. Өмүрбеков Марс Базаркулович
3. Сагынбеков Төлөбек Сагынбекович
4. Мамырбеков Асылбек Асантурович
5. Аманкулов Азамат Аманкулович
Депутаттык этика жана мандат, билим берүү, жаштар жана спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясынын курамына:
1. Мирбек кызы Бегимай
2. Өмүрбекова Гүлзат Өмүрбековна
3. Тилекова Жыпаркүл Бектуровна
4. Исаева Самара Бекжановна
5. Бердалиева Жайнагүл Аскарбековна
3. Жогорудагы сунушталган депутаттар туруктуу комиссиялар болуп шайлансын.
Төрага | С. Бектемир уулу |