Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү II CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 25-декабрындагы №2/3
Чет-Нура айыл аймагынан Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорлорго, өздүк салым катары Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынан Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорлорго өздүк салым катары Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө бюджет комитетинин баяндамасын угуп жана кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлор бекитилсин.
2. Төмөндөгү долбоорлорду ишке ашырууга көрсөтүлгөн өздүк салым акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорлор | ||||
№ | Долбоордун аталышы | Долбоордун жалпы наркы | Өздүк салым |
|
1. | Б.Бекжанов атындагы орто мектебине инвентарь алуу | 1 422 965 | 50 000 |
|
2. | Төш-Булак айылына кичи футболдук аянтча куруу | 3 360 000 | 50 000 |
|
3. | Орто-Нура айылындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонттон өткөрүү | 15 017 240 | 375 000
|
|
4. | Чет-Нура айылындагы коомдук мончону капиталдык ремонттон өткөрүү | 1 329 340 | 32 420 |
|
5. | Чет-Нура айылындагы смарт-парктын курулушу | 3000 000 | 50 000 |
|
6. | Ийри-Суу айылына кичи футболдук аянтча куруу | 3173210 | 50 000 |
|
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы долбоорду ишке ашыруучу жетекчилерге тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |