Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-январы № 21
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, өзгөчө кырдаалдарды жана өзгөчө окуяларды баалоого бирдиктүү мамилени, аларды баалоонун критерийлерин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-январындагы № 4 (3660) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери
1. Бул Классификация өзгөчө кырдаалдарга жана өзгөчө окуяларга алардын оордук даражасына жараша баалоонун уюштуруучулук-укуктук ченемдерин аныктайт жана Жарандык коргонууну башкаруу органдарынын ишинин процессинде келип чыгуучу мамилелерди жонго салат.
2. Өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө окуялар төмөнкү критерийлер боюнча классификацияланат:
1) жабыр тарткандардын саны боюнча;
2) экономикалык зыяндын өлчөмү боюнча;
3) турмуш-тиричилиги бузулган калктын саны боюнча.
3. Өзгөчө кырдаалдар келип чыгуу булагы жана алардын пайда болуу мүнөзү боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
2) техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
3) экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
4) биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
5) чыр-чатак мүнөзүндөгү өзгөчө кырдаалдар.
4. Өзгөчө окуялар келип чыгуу булагы жана алардын пайда болуу мүнөзү боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) табигый мүнөздөгү өзгөчө окуялар;
2) техногендик мүнөздөгү өзгөчө окуялар;
3) экологиялык мүнөздөгү өзгөчө окуялар.
Келип чыгуу булактары жана алардын пайда болуу мүнөзү боюнча өзгөчө кырдаалдардын жана өзгөчө окуялардын түрлөрү ушул Классификациянын 1-тиркемесинде берилген.
Оордук даражасы боюнча өзгөчө кырдаалдарды классификациялоонун критерийлери жана келтирилген зыян ушул Классификациянын 2-тиркемесинде берилген.
Өзгөчө окуялардын классификациясынын критерийлери ушул Классификациянын 3-тиркемесинде берилген.
Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана кооптонууларды классификациялоо жана эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кабыл алынган ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ыйгарым укуктарынын алкагында жүзөгө ашырылат.
5. Белгилүү бир аймакта түзүлгөн жагдай Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде гана өзгөчө кырдаал деп таанылышы мүмкүн. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иштөө режимин мүмкүн болуучу коркунучка же келип чыгуучу өзгөчө кырдаалга жараша киргизүү жөнүндө чечим Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын жыйналышында тийиштүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан кабыл алынат.
Ведомстволук аймактарда жана объекттерде өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүү жөнүндө демилге тармактык жана аймактык чакан системалар боюнча Жарандык коргонуунун тиешелүү башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат.
Жарандык коргонуу боюнча комиссия тарабынан Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ишинин тийиштүү режимдерин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу демилгеленгенде төмөнкүлөр аныкталат:
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ишинин тийиштүү режимин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар жана баалоо критерийлери (жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал);
- өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу коркунучу бар аймактын чек аралары же өзгөчө кырдаал зонасынын чек аралары;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган өткөрүлүүчү иш-чаралардын тизмеси;
- өзгөчө кырдаалдын келип чыгышынын болтурбоо, аны жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөр жана каражаттар;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Жарандык коргонуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн жооптуу кызмат адамдары;
- жарандардын жана транспорттун өзгөчө кырдаал зонасына кирүүсүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жана жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаралган учурда өзгөчө кырдаал зонасында жайгашкан уюмдардын ишин токтотуп туруу.
Мүмкүн болуучу коркунучка же келип чыгуучу өзгөчө кырдаалга жараша Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иш режимин киргизүү жөнүндө чечим тийиштүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан кабыл алынат.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ишинин тийиштүү режимин киргизүү же алып салуу жөнүндө кабыл алынган чечимдер менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактарга аткаруу үчүн милдеттүү.
6. Өзгөчө кырдаалды жоюу оордук даражасына жараша төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
1) объекттик (оордуктун I даражасы) - менчигинин түрүнө карабастан карамагында объекттер бар уюмдун күчтөрү жана каражаттары тарабынан;
2) жергиликтүү (оордуктун II даражасы) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары тарабынан;
3) райондук, шаардык (оордуктун III даражасы) - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары тарабынан;
4) облустук, Бишкек жана Ош шаарлары (оордуктун IV даражасы) - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаардык мэрияларынын жана аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары тарабынан;
5) республикалык (оордуктун V даражасы) - министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, эл аралык уюмдардын күчтөрү жана каражаттары тарабынан;
6) трансчек аралык - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча.
7. Өзгөчө окуяларды жоюу объекттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыкчам кызматынын түзүлүштөрүнүн күчтөрү жана каражаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуну жетектөө өзгөчө кырдаалдын кимдин аймагында болгондугуна, ушул Классификацияда белгиленген анын оордук даражасына жараша тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жүктөлөт.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин жетекчиси өзүнүн тескемеси менен өзгөчө кырдаалдар зонасынын чектерин, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүнүн тартибин, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-аракеттерди, ошондой эле зарыл болгон учурда эвакуациялоону уюштурууну жана/же калкты коопсуз райондорго көчүрүүнү белгилейт.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин жетекчисинин чечимдери, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзгөчө кырдаалдардын зонасында жайгашкан бардык жарандар жана уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
9. Өзгөчө кырдаал өзгөчө кырдаалды чакырган факторлордун иш-аракеттери локалдашкандан жана токтотулгандан кийин жоюлду деп эсептелет.
10. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү иштерин жетектөө кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
11. Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азия мамлекеттери менен чектеш райондордогу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 604 "Ялта шаарында 2003-жылдын 18-сентябрында кол коюлган Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу, алардын кесепеттерин жоюу учурунда маалыматтык өз ара аракеттенүү жана жапа чеккен калкка жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясына жана аларды баалоонун критерийлерине 1-тиркеме |
Пайда болуу булагы жана пайда болуу мүнөзү боюнча өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө окуялар
№ | Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө окуянын булагы | Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө окуянын болуусунун мүнөздөмөсү |
1 | 2 | 3 |
I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | ||
1 | Жер титирөө | Жер кыртышындагы же мантиянын үстүнкү катмарындагы күтүүсүздөн болгон жылышуусунун жана жердин ачылып калышынын натыйжасында жаралуучу жана серпилгич термелүү түрүндө узак аралыкка берилүүчү 6 жана андан жогору баллдагы күч менен жер астынын силкиниши жана жер бетинин термелиши (жер титирөөнүн интенсивдүү шкаласы MSK-64) |
2 | Сел | Чакан тоо дарыяларынын бассейндеринде катуу жамгырдын же кардын тез эришинин натыйжасында капысынан пайда болгон суу жана борпоң майда тектердин (агымдын көлөмүнүн 50-60%га чейин) аралашмасынан турган чоң кыйратуучу күчтүн тез агымы, ошондой эле урандылардын жана мореналардын жарылышы |
3 | Суу ташкыны | Жылдын ар кандай мезгилинде көп жолу кайталануучу, суунун чыгымдалышынын жана деңгээлинин интенсивдүү, адатта кыска мөөнөттүү жогорулашы менен мүнөздөлгөн жана жамгырдан улам же күн жылыган учурда кардын эришинен пайда болгон дарыянын суу режиминин фазасы |
4 | Бийик тоолуу табигый көлдөрдүн плотиналарынын бузулушу | Плотинанын тулкусунун толук же жарым-жартылай бузулушунун натыйжасында дарыянын суу режиминин табигый фазасына же убактылуу суу агымына кошулуп кыйратуучу күчкө ээ болгон калыптанган сел же суу ташкынын агымы |
5 | Кар көчкү | Тоонун тик боорунан кардын жана (же) муздун күтүлбөгөн жерден ылдый көздөй тез жылышы |
6 | Урап түшүү | Негизинен бузулуу процесстеринин таасири астында тоо тектердин биригүүсүнүн начарлашынан. жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын активдүүлүгүнөн улам тоолордун тик жана аскалуу капталдарында, дарыя өрөөндөрүндө жана суу сактагычтардын жээктеринде тоо тектеринин ири массаларынын бөлүнүшү жана кулашы |
7 | Таш кулоо | Тоо боорунан тоо тектеринин сыныктарынан баштап чоң таштарга чейин кулашы же тоголонуп түшүшү |
8 | Жер көчкү | Тоо тектеринин массасынын өз салмагынын жана кошумча жүктүн таасири астында эңкейиштин эрозиясынан, суу басуудан, сейсмикалык титирөөдөн жана башка процесстерден улам эңкейиш боюнча жылып түшүүсү |
9 | Лесс жана чополуу кыртыштын чөгүүсү | Лесс жана чополуу топурактарда нымдуулуктун жана суунун эсебинен кысылуунун катастрофалык текши эмес деформациясы |
10 | Суу каптоо, жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашы | Аймакты нормалдуу пайдалануунун, анда жайгашкан объекттерди, турак жайларды куруунун жана эксплуатациялоонун бузулушуна алып келген жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашы |
11 | Катуу шамал | Шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метр жана андан жогору |
12 | Чаң аралаш (кумдуу) катуу бороон | Катуу шамалдын негизинде топурактын үстүнкү кыртышын, айдалган эгинди сапыруу жана учуруу. Атмосферада чаң менен кумдун сапырылып капташы. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрден ашык жана көрүүнүн начарлашы 50 метрге чейин же андан аз, 2 сааттан ашык созулат |
13 | Учакка созулган жамгыр | Бир нече күн бою үзгүлтүксүз же дээрлик тынымсыз жааган суюк жаан-чачындар сел каптоого, суу ташкындарына. кыянга жана суу каптоого алып келиши мүмкүн. Жаан-чачындын өлчөмү 48 саатта жана андан аз убакытта 60 мм же андан көп |
14 | Катуу жаан | Суунун катуу агымы, аймакты суу каптоо, жамгыр ташкыны. Топурактын, жолдордун жамгыр менен жуулуп кетиши. жер кыртышынын ылайланып агышы. Жаан-чачындын өлчөмү 12 саатта жана андан аз убакытта 30 мм же андан көп |
15 | Нөшөр | Суунун катуу агымы, аймакты суу каптоо, жамгыр ташкыны. Топурактын, жолдордун жуулуп кетиши, жер кыртышынын ылайланып агышы. Дарыялардын жээктерин жууп кетиши; жер көчкүлөрдүн, селдердин, кар көчкүлөрдүн пайда болушу. Жаан-чачындын өлчөмү 1 саатта жана андан аз убакытта 30 мм же андан көп |
16 | Катуу жааган кар | Ар кандай курулмалардын, бак-дарактардын кар жүгүнө, кар күрткүгө, кар көчкүгө алып келүүчү кардын узакка созулган катуу жаашы. Кардын көлөмү 12 саатта жана андан аз убакытта 20 мм (200 мм же андан көп кар катмарына туура келет) жана андан көп |
17 | Катуу бурганак | Катуу шамал менен кардын жер бетинен жогору көтөрүлүшү, балким, кардын жаашы менен айкалышып, көрүнүүнүн начарлашына жана транспорттук инфраструктуранын тайгаланышына алып келет. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метр жана андан жогору болгондо 6 саатка же андан көпкө созулат |
18 | Катуу тайгак | Жамгырдын же тумандын катуу муздаган тамчылары тоңгондо жер бетинде жана объекттерде пайда болгон калың муз катмары. Зымдардагы муз катмарынын диаметри 20 мм же андан көп. татаал катмарлар жана суу кар жабышкан жерлер 35 мм же андан көп |
19 | Ири мөндүр | Жылдын жылуу мезгилинде диаметри 20 мм жана андан чоң болгон тыгыз муздун бөлүкчөсү түрүндө түшүүчү атмосфералык жаан-чачын |
20 | Коюу туман | Түздөн-түз жер бетиндеги абада калкып турган жана көрүнүүнүн бир кыйла начарлашы менен коштолгон тамчы же кристалл түрүндөгү конденсация продукттарынын топтолушу. Горизонталдуу көрүү алыстыгы 50 м же андан аз 6 саат ичинде же андан көп убакытта |
21 | Үшүк | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн активдүү өсүү мезгилинде топурактын жана абанын муздашы айыл чарба өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян келтирет |
22 | Катуу суук | Дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 5 күн же андан көп убакыт бою минус 30 градус Цельсий жана андан төмөн |
23 | Суу кардын катмарланышы жана оор катмарлар | Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 35 мм жана андан жогору |
24 | Күчтүү кыроо | Нымдуу суук аба ырайы болгондо ичке жана узун предметтердеги (дарактардын бутактарындагы. электр линияларындагы) кристалл же бүртүкчө катмары түрүндөгү атмосфералык жаан-чачындын түрү. Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 50 мм жана андан жогору |
25 | Кыртыштын кургакчылыгы | 2 декаданын аралыгында 0-20 см жер кыртышындагы пайдалуу нымдуулуктун запасы - 10 мм же андан төмөн |
26 | Атмосфералык кургакчылык | Вегетациялык мезгилде 30 күн катары менен же андан көп убакыттын аралыгында абанын температурасы 30 градустан жогору болгон учурда натыйжалуу жаан-чачындын (бир күндө 5 мм ден жогору) жоктугу. Айрым күндөрү (мезгилдин узактыгынын 25%нан ашык эмес) төмөндө көрсөтүлгөн маанилердин максималдуу температурасына жол берилет |
27 | Ысык шамал | 5 күн бою же андан көп күн 30 градус Цельсий же андан жогору температурада, шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 метр жана андан жогору болгондо абанын салыштырма нымдуулугунун 30% жана андан төмөн болушу |
28 | Катуу ысык | 5 күн бою же андан көп күн абанын температурасынын плюс 40 градус Цельсийге чейин жана андан жогору болушу |
29 | Табигый өрт | Табигый чөйрөдө өзүнөн өзү пайда болгон жана жайылуучу контролсуз күйүү процесси: токойлордогу, тоолордогу өрттөр, тоо кыркаларынын боорлорундагы өрттөр |
30 | Чагылган | Атмосферадагы электр учкуну, адатта, күн күркүрөгөндө пайда болушу мүмкүн, жаркыраган жарык жана аны менен кошо күн күркүрөйт |
31 | Муз тыгыны, муз шыргалаңы | Муз тыгыны - муздун жылышы учурунда дарыянын нугунда муз массаларынын топтолуп калышы, бул суунун бөлүгүнүн кысылышына жана ага байланыштуу суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет. Муз шыргалаңы - дарыянын нугуна майда талкаланган муздун кошулушу менен суунун бөлүгүнүн кысылышына жана ага байланыштуу суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келген ылайлардын топтолушу |
32 | Кар күрткүсү | Шамалдын күчү менен дөбө түрүндө пайда болгон кардын чоң катмары. Бул катуу жааган карга, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрден жогору жана кардын жаашынын узактыгы 12 сааттан ашкан учурга байланыштуу болот |
33 | Суунун деңгээлинин төмөн болушу | Убакыттын өтүшү менен белгилүү бир циклдүүлүккө ээ болгон суу режиминин фазасы дарыяларда, көлдөрдө, суу сактагычтарда жана башка суу объекттеринде суунун жетишсиздиги менен мүнөздөлөт. Ага аба ырайынын өзгөрмөлүүлүгү, жаз-жай мезгилиндеги климаттык өзгөрүүлөр себеп болушу мүмкүн |
II. Табигый мүнөздөгү өзгөчө окуялар | ||
34 | Сел | Чакан тоо дарыяларынын бассейндеринде катуу жамгырдын же кардын тез эришинин натыйжасында капысынан пайда болгон суу жана борпоң майда тектердин (агымдын көлөмүнүн 50-60%га чейин) аралашмасынан турган чоң кыйратуучу күчтүн тез агымы, ошондой эле урандылардын жана мореналардын жарылышы |
35 | Суу ташкыны | Жылдын ар кандай мезгилинде көп жолу кайталануучу, суунун чыгымдалышынын жана деңгээлинин интенсивдүү, адатта кыска мөөнөттүү жогорулашы менен мүнөздөлгөн жана жамгырдан улам же эрүү учурунда кардын эришинен пайда болгон дарыянын суу режиминин фазасы |
36 | Кар көчкү | Тоонун тик боорунан кардын жана (же) муздун күтүлбөгөн жерден ылдый көздөй тез жылышы |
37 | Таш кулоо | Тоо боорунан тоо тектеринин сыныктарынан баштап чоң таштарга чейин кулашы же тоголонуп түшүшү |
38 | Катуу шамал | Шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метр жана андан жогору |
39 | Куюн | Диаметри 1000 мге чейин жеткен, абанын ылдамдыгы секундасына 100 метр ылдамдыкта айлана турган, кыйратуучу күчкө ээ болгон күчтүү чакан масштабдуу атмосфералык куюн |
40 | Чаң аралаш (кумдуу) катуу бороон | Катуу шамалдын негизинде топурактын үстүнкү кыртышын. айдалган эгинди сапыруу жана учуруу. Атмосферада чаң менен кумдун сапырылып капташы. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрден ашык жана көрүүнүн начарлашы 50 метрге чейин же андан аз, 2 сааттан ашык созулат |
41 | Узакка созулган жамгыр | Бир нече күн бою үзгүлтүксүз же дээрлик тынымсыз жааган суюк жаан-чачын селге, суу ташкындарына, кыянга жана суу каптоого алып келиши мүмкүн. Жаан-чачындын өлчөмү 48 саатта жана андан аз убакытта 60 мм жана андан көп |
42 | Катуу жаан | Суунун катуу агымы, аймакты суу каптоо, жамгыр ташкыны. Топурактын, жолдордун жамгыр менен жуулуп кетиши, жер кыртышынын ылайланып агышы. Жаан-чачындын өлчөмү 12 саатта жана андан аз убакытта 30 мм же андан көп |
43 | Катуу бурганак | Катуу шамал менен кардын жер бетинен жогору көтөрүлүшү, балким, кардын жаашы менен айкалышып, көрүнүүнүн начарлашына жана транспорттук инфраструктуранын тайгаланышына алып келет. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метр жана андан жогору болгондо 6 саатка же андан көпкө созулат |
III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | ||
44 | Плотиналардын, дамбалардын, шлюздардын. суу өткөрбөөчү тосмолордун ж.б. бузулушу | Плотинанын тулкусунун, дамбанын толук же жарым-жартылай бузулушунун натыйжасында дарыянын суу режиминин табигый фазасына же убактылуу суу агымына кошулуп кыйратуучу күчкө ээ болгон калыптанган сел же суу ташкынынын агымы |
45 | Аймактын ылдыйлашы | Имараттардан, курулмалардан жана транспорт системаларынан пайда болгон кошумча статистикалык жана динамикалык жүктүн натыйжасында аймактардын ылдыйлоо процесси, ошондой эле көмүр суутегин казып алууга байланышкан жер бетинин ылдыйлашы |
46 | Турмуш-тиричиликти коммуналдык камсыздоо системасындагы авариялар | Турмуш-тиричиликти коммуналдык камсыздоо системасында пайдаланылуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн кыйроосу: - калкка ичүүчү сууну берүүнүн токтотулушу; - калкка газды берүүнүн токтотулушу; - жылдын суук мезгилинде жылуулукту берүүнүн токтотулушу; - канализациялык системалардын иштешинин бузулушу |
47 | Имараттардын, курулмалардын күтүүсүздөн урап түшүүсү | Транспорт коммуникацияларынын элементтеринин урап түшүүсү: - өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын урап түшүүсү; - турак жай, социалдык-тиричилик жана маданий багыттагы имараттардын жана курулмалардын урап түшүүсү |
48 | Энергетика системасындагы авариялар | Энергетика тармагында колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу. Электр менен жабдуунун 6 саатка жана андан көп убакытка созулган узак мөөнөттүү үзгүлтүккө учурашы |
49 | Өрт, жарылуулар, жарылуу коркунучу | Материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу менен коштолгон жана адам өмүрүнө коркунуч туудурбаган. контролдоого мүмкүн болбогон өрттөнүп-күйүү процесси жана ири көлөмдөгү энергиянын кыска мөөнөттүн ичинде чектелген көлөмдө бөлүнүп чыгышы |
50 | Транспорттук авариялар | Бузулуулардын же кызматкерлердин кесипкөй эмес аракеттеринин натыйжасында техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кыйроолору жана авариялары; - авиакатастрофалар; - ири автомобилдик катастрофалар; - суу акваторияларындагы кыйроолор жана авариялар |
51 | Радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен болгон авария (РЗ) | Атомдук станцияларда, өндүрүштүк жана изилдөө багытындагы атомдук энергетикалык орнотмолордо колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен бузулушу: - транспорттук каражаттардын радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен болгон авариясы; - радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен өндүрүштүк жана сыноочу ядролук жарылуулардагы авариялар (анын ичинде чек аралар аралык); - иондоштурулган нурдануу булактарын жоготуу |
52 | Химиялык кооптуу заттарды (ХКЗ) чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авария | ХКЗны өндүрүүдө, кайра иштетүүдө же сактоодо (көмүүдө) колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - транспортто ХКЗ чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен; - авариянын натыйжасында башталган химиялык реакция процессинде ХКЗнын пайда болушу жана жайылышы; - химиялык согуш куралдары менен авария; - ХКЗ булактарын жоготту |
53 | Биологиялык кооптуу заттарды (БКЗ) чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авария | БКЗнын имараттарында жана илимий-изилдөө мекемелеринде (лабораторияларда) колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - транспортто БКЗ чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авариялар; - БКЗны жоготуу |
54 | Калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын бүтүндүгүнүн бузулуш)' (радиоактивдүү жана уулуу заттарды чыгаруу коркунучу) | Калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын гидротехникалык курулмаларынын бузулушу: - калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын үстүнкү катмарынын (коргоочу катмарынын) бузулушунун натыйжасында радиациялык фондун жогорулашы; - радиоактивдүү жана уулуу заттарды ташуудагы (кайрадан көмүүдөгү) транспорттук авариялар |
IV. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө окуялар | ||
55 | Турмуш-тиричиликти коммуналдык камсыздоо системасындагы авариялар | Турмуш-тиричиликти коммуналдык камсыздоо системасында пайдалануучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн кыйроосу: - калкка ичүүчү сууну берүүнүн 24 сааттан ашык эмес токтолушу; - калкка газды берүүнүн 24 сааттан ашык эмес токтолушу; - жылдын суук мезгилинде жылуулукту берүүнүн 24 сааттан ашык эмес токтолушу; - өзгөчө кырдаалдарга алып келүүчү жагдайды түзбөгөн канализация системасынын иштешинин бузулушу |
| Транспорттук авариялар | Бузулуулардын же кызматкерлердин кесипкөй эмес аракеттеринин натыйжасында техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин авариялары; - авиа кырсыктар; - жол-транспорттук кырсыктары; - суу акваторияларындагы авариялардын жана кырсыктардын бардык түрлөрү |
57 | Өрт, жарылуулар, жарылуу коркунучу | Материалдык баалуулуктардан өрттөнүп жок болушу менен коштолгон жана адам өмүрүнө коркунуч туудурбаган. контролдоого мүмкүн болбогон өрттөнүп-күйүү процесси жана ири көлөмдөгү энергиянын кыска мөөнөттүн ичинде чектелген көлөмдө бөлүнүп чыгышы |
58 | Энергетика системасындагы авариялар | Энергетика тармагында колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу. Электр менен жабдуунун узактыгы 24 сааттан ашпаган үзгүлтүккө учурашы |
V. Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | ||
59 | Кургак жердин (кыртыштын, жер казынасынын, ландшафттардын) абалынын өзгөрүшү | Жер казынасын иштетүүдөн улам жер бетинин катастрофалык чөгүшү, көчүшү, урашы: - жер кыртышында (топуракта) чектелип жол берилген концентрациядан ашык оор металлдардын (анын ичинде радионуклиддердин) жана башка зыяндуу заттардын болушу; - жер кыртышынын интенсивдүү начарлашы. чөлгө, шорго, сазга айланышы ж.б.: - табигый кендердин түгөнүшүнө байланышкан кризистик кырдаалдар; - өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын сактоочу жайлардын (таштандыларды ыргытуучу жай) толуп кетишинен келип чыккан кризистик кырдаалдар |
60 | Атмосферанын курамынын жана касиетинин өзгөрүшү | Антропогендик иштин натыйжасында аба ырайынын жана климаттын кескин өзгөрүшү: - атмосферада зыяндуу аралашмалардын жол берилген концентрациясынын чегинен 50 эсеге жана андан ашык жогорулашы: - шаардын ызы-чуусунун чектелип жол берилген деңгээлден бир кыйла жогорулашы; - кислоталык жаан-чачындын кеңири зонасынын пайда болушу |
61 | Гидросферанын абалынын өзгөрүшү | Ичүүчү суунун кескин жетишсиздиги: - суу ресурстарынын түгөнүшү; - суу ресурстарынын булганышы. Жер үстүндөгү сууларда зыяндуу аралашмалардын концентрациясынын жол берилген чегинен 50 эсеге жана андан ашык жогорулашы |
62 | Биосферанын абалынын өзгөрүшү | Ресурстарды өндүрүүгө карата биосферанын жөндөмүнүн кескин өзгөрүшү: жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жок болуп кетиши |
63 | Табигый чөйрөнүн радиоактивдүү булгануусунун өзгөрүшү | Топуракта, атмосферада, жер үстүндөгү сууларда жана деңиз суусунда радионуклиддердин концентрациясы айлана-чөйрөнүн компоненттеринин (объекттеринин) (атмосфера, жер үстүндөгү суулар, топурак, деңиз чөйрөсү) жол берилген орточо жылдык салыштырмалуу активдүүлүгүнөн жогору болушу. Айыл чарба жана токой азыктарынын үлгүсүндөгү радионуклиддердин концентрациясы кабыл алынган УЖДдан (убактылуу жол берилген деңгээлден) жогору болушу |
64 | Тазалоочу курулмалардагы авариялар | Ууландыруучу, токсиндик жана зыяндуу заттардын айлана-чөйрөгө чыгындыларынын анча көп эмес түрлөрү |
VI. Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө окуялар | ||
65 | Суу объекттериндеги суунун сапатынын өзгөрүшү | Күйүүчү-майлоочу материалдардын дарыяларга, көлмөлөргө, көлдөргө төгүлүшүнө алып келген транспорттогу авариялардын жана бузулуулардын бардык түрлөрү |
66 | Атмосферадагы абанын сапатынын өзгөрүшү | Атмосферага күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын төгүлүшүнө жана чыгышына алып келген транспорттогу, уюмдардагы авариялардын жана бузулуулардын бардык түрлөрү |
67 | Тазалоочу курулмалардагы авариялар | Ууландыруучу, токсиндик жана зыяндуу заттардын айлана-чөйрөгө чыгындыларынын анча көп эмес түрлөрү |
VII. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | ||
68 | Калктын массалык жугуштуу оорулары | Калктын же анын айрым топторунун арасында оорулардын таралышы: - экзотикалык жана өтө коркунучтуу эмес жугуштуу оорулардын сейрек учурлары; - коркунучтуу жугуштуу оорулардын топтошкон учурлары; - жугуштуу оорулардын эпидемиялык тез таралышы; - эпидемия; - пандемия |
69 | Жаныбарлардын массалык жугуштуу оорулары | Жаныбарлардын арасында оорулардын таркашы: - экзотикалык жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын сейрек учурлары; - энзоотиялар; - эпизоотиялар; - панзоотиялар; - этиологиясы аныкталбаган жугуштуу оорулар; - жаныбарлардын массалык түрдө кырылышы |
70 | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оорулардан, отоо чөптөрдөн жана зыянкечтерден массалык түрдө зыян тартышы | Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн арасында оорулардын таркашы: - күчөп бараткан эпифитотия: - пантофитотия; - өсүмдүктөрдүн этиологиясы аныкталбаган оорусу; - инвазиялар (курт-кумурскалардын капташы) |
VIII. Чыр-чатактык- мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | ||
71 | Жарандык чыр-чатактар | Өлкөдөгү конституциялык жана укуктук тартипти бузган, коомдо жана мамлекетте жарандык ынтымактын бузулуусуна алып келген социалдык тынчсыздануулар |
72 | Согуштук чыр-чатактар | Аскердик күчтү чектелген колдонуу аркылуу экономикалык. саясий, улуттук-этникалык жана башка карама-каршылыктарды чечүү максатын көздөгөн мамлекеттер ортосундагы же айрым мамлекеттердин ичиндеги социалдык жалпылыктар ортосундагы куралдуу каршылык |
73 | Терроризм | Жардыруу, өрттөө же адамдардын өлүмүнө, олуттуу мүлктүк зыян келтирүүгө же коомдук коркунучтуу кесепеттерге алып келүүчү башка аракеттерди жасоо, эгерде бул аракеттер коомдук коопсуздукту бузуу. калкты коркутуу же бийлик органдарынын же эл аралык уюмдардын чечимдерди кабыл алышына таасир этүү максатында жасалса, ошондой эле көрсөтүлгөн аракеттерди ошол эле максаттарда жасоо коркунучу |
Эскертүү:
1. Өзгөчө кырдаалдар - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо-тиричилигинин шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап жабыркатуучу каражаттардын таасиринин натыйжасында белгилүү бир аймакта түзүлгөн жагдай.
2. Өзгөчө окуя - материалдык объекттердин жок болушуна же болбосо зыянга учурашына, адамдардын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келген кокусунан болгон жана күтүлбөгөн окуя.
|
| Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясына жана аларды баалоонун критерийлерине 2-тиркеме |
Өзгөчө кырдаалдардын оордук даражасы боюнча жана келтирилген зыян боюнча классификациясы
№ | Өзгөчө кырдаалдын оордук даражасы | Өзгөчө кырдаалдын критерийлери | ||||
Өзгөчө кырдаалдын жайылуу зонасы | Жабыр тарткандар, адам | Турмуш-тиричилиги бузулган калктын саны | Материалдык чыгым минималдуу эсептик көрсөткүчтөр менен | |||
бардыгы (жыныстык курагы боюнча) | а.и. курман болду (жыныстык курагы боюнча) | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1 | I даража (объекттик) | Өндүрүштүк объекттин, уюмдун чегинде локалдуу жайылуу | 5ке чейин | 3кө чейин | 30га чейин | 500гө чейин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдү эсепке албаганда |
2 | II даража (жергиликтүү) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагынын жана карамагынын чегинде (айыл аймагы, райондук маанидеги шаар, айыл) | 6дан 20га чейин | 4төн 10го чейин | 31ден 50гө чейин | 501ден 1000ге чейин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдү эсепке албаганда |
3 | III даража (райондук. шаардык) | Райондук. облустук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | 21ден 50гө чейин | 11ден 20га чейин | 51ден 500гө чейин | 1001ден 10000ге чейин. курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдү эсепке албаганда |
4 | IV даража (облустук. Бишкек. Ош шаарлары) | Эки же андан көп райондун чегинде, бирок бир облустун же республикалык маанидеги бир шаардын чегинде | 51ден 100гө чейин | 21ден 40ка чейин | 501ден 1500гө чейин | 10001ден 50000ге чейин. курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдү эсепке албаганда |
5 | V даража (республикалык) | Бир облустан көбүрөөк чекте | 101ден көп | 41ден көп | 1501ден көп | 50001ден жогору, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдү эсепке албаганда |
6 | Трансчек аралык | Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жайылуу. Чектеш мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына жайылуу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча | |||
Эскертүү. Эгерде өзгөчө кырдаалга көрсөткүчтөрдүн ичинен жок дегенде бири ылайык келсе тигил же бул категорияга кирет.
|
| Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясына жана аларды баалоонун критерийлерине 3-тиркеме |
Өзгөчө окуялардын классификациясы
№ | Пайда болуу мүнөзү боюнча аталышы | Өзгөчө окуяларга киргизүү критерийлери | |||
Келип чыгуу зонасы | Жабыр тарткандар, адам | Адамдардын өмүрүнө жана турмуш-тиричилик объекттерине кооптонуу жана коркунуч жараткан жагдай | |||
бардыгы (жыныстык курагы боюнча) | а.н. курман болду (жыныстык курагы боюнча) | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1 | Табигый мүнөздөгү өзгөчө окуя | Локалдуу окуя болгон жер | 5ке чейин | 2ге чейин | Өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу критерийлерине чейин окуянын жайылуу коркунучу |
2 | Техногендик мүнөздөгү өзгөчө окуя | Локалдуу окуя болгон жер | 5ке чейин | 2ге чейин | Өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу критерийлерине чейин окуянын жайылуу коркунучу |
3 | Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө окуя | Локалдуу окуя болгон жер | 10го чейин | жок | Көлмөлөрдүн акваторияларынын, анын ичинде калктуу конуштарды суу менен камсыздоо булактарынын күйүүчү-майлоочу материалдар, агынды суулар менен булганышы. Атмосфералык абанын булганышы, мында абадагы зыяндуу заттардын чектүү жол берилген концентрациясы 4 сааттын ичинде 50 эседен ашат |
Эскертүү. Өзгөчө кырдаал коркунучу - калк, анын мүлкү жана менчиктин башка түрлөрү жана курчап турган жаратылыш чөйрөсү үчүн коркунуч жаралган жагдай.