Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-январы № 9
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин эмблемасынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин символикасын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин эмблемасынын сыпаттамасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин эмблемасын даярдоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин атайын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин эмблемасынын СЫПАТТАМАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) эмблемасы рулдун сүрөтүн, рулдун борборундагы белгини жана рулду кармап турган кол катары стилдештирилген рулдагы эки сегментти билдирет. Эмблема ачык көк түстөн кочкул көк түскө өтүү менен берилген.
Руль транспортту жана башкарууну символдойт. Ал кандай болбосун транспорт каражатынын негизги деталы болгондуктан, бул дароо Агенттиктин ишинин негизги багытын көрсөтөт. Тегерек форма айдоочулук күбөлүктөрдү каттоо же берүү сыяктуу процесстердин толуктугун жана аяктагандыгын билдирет. Тегерек геометриялык фигура катары салттуу түрдө чексиздик, циклдик жана бүтүндүк менен байланышкан. Ал үзгүлтүксүз контролдоо жана системалаштыруу идеясын баса белгилейт.
Белги ырастоону, аткарууну жана ийгиликти билдирет. Анын рулдун борборунда жайгашкан жери башкаруу жана жогорку стандарттарга жооп берүү идеясын баса белгилейт. Белгини колдонуу жарандарга жана уюмдарга Агенттиктин кызмат көрсөтүүлөрү сапаттуу жана ишенимдүү көрсөтүлөрүнө ишеним берет. Белги формасы эмблемага динамиканы кошуп, алдыга жылууну жана өнүгүүнү көрсөтөт.
Рулдун эки каптал сегменти рулду кармап турган колго окшоштуруп стилдештирилген. Бул башкаруу, контролдоо жана жоопкерчилик идеяларын баса белгилейт. Визуалдык түрдө мындай элементтер адамдын система менен өз ара аракеттенүү сезимин жаратат, мында Агенттик транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо маселелеринде "жардамчы" катары иштейт.
Сүрөттүн оң жагында көк түстөгү "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген жазуу бар. Агенттиктин эмблемасында эки - ачык көк жана көк түс колдонулат. Ачык көк түс келечекти жана санариптик доор менен ар дайым байланышкан жаңы технологияларды билдирет. Көк түс, өз кезегинде, ачыктыкты жана ишенимди билдирет, ал эми элементтердин кыскалыгы процесстердин тууралыгын жана ачыктыгын баса белгилейт.
2. Агенттиктин эмблемасынын сүрөтү ведомстволук сыйлыктарда, төш белгилерде, документтерде, веб-ресурстарда, кызматкерлердин униформасында, сувенирлерде, транспорт каражаттарында пайдаланылат, ошондой эле Агенттиктин директорунун чечими боюнча башка учурларда колдонулат.
3. Агенттиктин эмблемасы башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн эмес. Аны бурмалоого, бузууга жана ушундай мүнөздөгү башка аракеттерге жол берилбейт.