Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-декабры №14
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңешинин иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө макулдук берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин 1- чакырылышынын 2 сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагынын өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңешинин иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов