Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү II CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 25-декабрындагы №2/6
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясынын №23/4 токтому менен бекитилген Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновдун баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү II сессиясы токтом кылат
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына Чет-Нура айыл аймагынын деңгээлинде климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча программасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасында белгиленген төмөндөгү ишке ашуучу долбоорлордун мөөнөттөрү өзгөртүлүп бекитилсин.
№ | Долбоордун аталышы | 2024-жылдын 5-мартындагы №23/4 токтому менен бекитилген мөөнөттөрү | Өзгөртүлүп бекитилген мөөнөтү |
1. | Чет-Нура бала бакчасына кошумча корпус куруу | 2025-2028-ж.ж. | 2025-ж. |
2. | Чет-Нура айылдык клубуна жылытуу системасын орнотуу жана чатырын жылуулоо | 2024-2025-ж.ж. | 2025-ж. |
3. | Орто-Нура айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү | 2024-2026-ж.ж. | 2025-ж. |
4. | Орук-Там айылына кичи футболдук аянтча куруу | 2027-2029-ж.ж. | 2025-ж. |
5. | Чет-Нура айылына эс алуучу парк куруу | 2027-2029-ж.ж. | 2025-ж. |
6. | Б.Бекжанов атындагы орто мектебинне инвентарь алуу | 2024-2027-ж.ж. | 2025-ж. |
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.
Төрага | С. Бектемир уулу |