Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-декабры №17
Даркан айылындагы Карга аке жаңы конушундагы көчөлөргө ысмын ыйгаруу жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Даркан айылынын Карга аке жаңы конушундагы аты жок көчөлөргө ысымын берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат;
1.Даркан айылынын Карга аке жаңы конушунан түндүктөн түштүккө карай төртүнчү көчөгө Жусуп Абдрахмановдун, бешинчи көчөгө Үсөнбек Асаналиевдин, алтынчы көчөгө Кашымбек Асанбековдун;
-Карга аке конушунун батыштан чыгышка карай биринчи көчөгө Карга акенин, экинчи көчөгө Манас Баатыр, үчүнчү көчөгө Касым Тыныстановдун ысымдары берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3..Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Токоевге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов