Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылынын 30-декабры №18
Даркан айылындагы Ак Өргө жаңы конушундагы көчөлөргө ысмын ыйгаруу жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Даркан айылынын Ак Өргө жаңы конушундагы аты жок көчөлөргө ысымын берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат;
1. Даркан айылынын Ак Өргө жаңы конушунан түндүктөн түштүккө карай мурда Ак-Өргө-4 көчөсүнө Сүймөнкул Чокморовдун, мурда Ак-Өргө -3 көчөсүнө Түгөлбай Сыдыкбековдун, мурдагы Ак-Өргө-1 көчөсүнө Эгемберди Маанаевдин ысымдары берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3.Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Токоевге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов