Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-декабры №19
Ибраев Акылбектин ижара акысынын төлөмүн 2025-жылга жылдыруу жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Даркан айылынын тургуну Ибраев Акылбектин келишим боюнча социалдык төлөмүн кийинки 2025-жылга жылдырып төлөөгө макулдук берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жаргылчак айылдык кеңешинин 1- чакырылышынын 2 сессиясы токтом кылат:
1. Ибраев Акылбектин келишим боюнча 2024-жылы социалдык жардамга төлөнүүчү 500 000 сом акысы 2025-жылы төлөнсүн, келишим менен кийинки жылдарга соц. төлөмдөрүн бир жылга жылдырып төлөөгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов