Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-декабры №20
Жаргылчак айыл аймагында ипотекага үй курууга жер аянттарын берүү жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын айылдарында ипотекага үй курууга жер аянттарын аныктоо, курууга макулдук берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат;
1. Жаргылчак айыл аймагынын айылдарында ипотекага үй курууга жер аянттарын аныктап, курууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3.Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Жаманаковго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов