Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 18-декабры ПЖ № 372
Мамлекеттер аралык банктын кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
Мамлекеттер аралык банктын кеңешинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында иш алып баруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Мамлекеттер аралык банктын кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 20-декабрындагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттер аралык банк Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Жарлыкты жана бул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин Мамлекеттер аралык банкка жеткирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |