Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29 ноябры №1/4
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Соң-Көл” жалпы орто билим берүү мектебинин көмүрканасын салуу жана суу түтүктөрүн орнотуу, от жаккычын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча дем берүүчү (үлүштүк) грант
3 341 533 (үч миллион үч жүз кырк бир миң беш жүз отуз үч) сомдун 25% пайыздык өздүк салымын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан конкурсттук негизде берилүүчү дем берүүчү (үлүштүк) грант менен Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Соң-Көл” жалпы орто билим берүү мектебинин көмүрканасын салуу жана суу түтүктөрүн орнотуу, от жаккычын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Назаров Адылбек Жапаркуловичтин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Сары-Булак айылдык кенеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Сон-Кол” орто мектебинин көмүрканасын салуу жана суу түтүктөрүн орнотуу, от жаккычын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 3 341 533 (үч миллион үч жүз кырк бир миң беш жүз отуз үч) сомдук сметалык долбоору жасалганы белгиленсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү 25% пайыздык өздүк салымы үчүн
835 383 (сегиз жүз отуз беш миң үч жүз сексен үч) сом акча каражатын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы
К. Музуралиевге милдеттендирилсин.
4. Көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
М. Асанбаевге жана айылдык Кенешинин экономика жана бюджеттик туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |