ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-декабры №21
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин төрагасы Т.К.Баякуновдун жана айыл тургундарынын кайрылуусу менен таанышып, талкуулап Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Мамлекетибиздин суу чарба жана курулуш тармактарында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, Даркан айылынын ген.планын түзүүдө жана айылда курулган жаңы имараттарды долборлоодогу үзүрлүү эмгектери үчүн Даркан айылынын тургуну Ж.Ч.Мендеевге Жаргылчак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.