Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-январы № 20
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 85-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбулада "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2025-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетте ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды жабууга акча каражаттарын карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-январындагы № 4 (3660) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |