ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясынын
2023-жылдын 3-октябры № 29/3
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн сунуштама катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2023-жылдын 27-сентябрындагы №01-8/123 сандуу сунуштама катын карап чыгып, талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын шайкештик аудитинин жыйынтыгынын негизинде айрым кемчиликтерге жол берилгенди белгиленсин жана көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу, калыбына келтирүү чаралары көрүлсүн.
2. Сунуштама катта көрсөтүлгөн кемчилдиктерди мындан ары болтурбоо тууралуу, кетирген кемчиликтери үчүн жооптуу кызматкерлерге кызматтык чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Төбө айылдык Кеңешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Асантай уулу А |