ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясынын
2023-жылдын 11-октябры № 32
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн айыл аймагы боюнча кышка карата даярдыгы жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн айыл аймагы боюнча 2023-2024-жылга мекеме-ишканалардын, калктын кыш мезгилине карата даярдыктары тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевтин маалымат билдирүүсун угуп, талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевтин айыл аймагы боюнча 2023-2024-жылга мекеме-ишканалардын, калктын кыш мезгилине карата даярдыктары тууралуу билдирүүсү эске алынсын жана жактырылсын.
2. Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын жылытуу системаларынын кышка карата даярдыгына такай көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле калкты көмүр менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Асантай уулу А |