Редакцияот 11.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 

Үч-Төбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясынын

 

 

2023-жылдын 11-октябры № 33

 

 

Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Каракол айылынын тургуну Эшназаров Алмазбек Асанбековичтин мурда курулган үйүнө чечим чыгарып берүү боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Каракол айылынын тургуну Эшназаров Алмазбек Асанбековичтин мурда курулган үйүнүн турак үйүнүн жана жер тилкесинин юридикалык документтери жок болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-2 пунктуна, 44-беренесинин 1-2 пункттарына жана 49-беренесинин 1-6 пункттарына ылайык Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Каракол айылынын тургуну Эшназаров Алмазбек Асанбековичтин Чоң-Каракол айылындагы калктуу конушунда жайгашкан 5-01-10-1006-0285 сандуу идентификациялык сыр белгидеги коду менен катталган өзүнүн жеке менчигинде турган 1296.0 чарчы метр жер аянты чектелип берилсин.

2. Жогорудагы жер тилкесине тиешелүү юридикалык документтерин Эшназаров Алмазбек Асанбековичтин наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай райондук филиалына сунуш кылынсын.

3. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

              

Төрага:

 Асантай уулу А