Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-декабры №3/11
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнСары-Булак айылынын Каракужур-Долон чоӊ сууларынын жээгин бекемдөө, терӊдетүү жумуштарын аткарууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. Асанбаевдин билдирүүсүнөн кийин Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылындагы Каракужур-Долон чоӊ сууларынын жээгин бекемдөө, тереӊдетүү жумуштарын аткарууга «Теӊир-Тоо» өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Сары-Булак айылындагы мектептин түндүк тарабындагы Каракужур чоӊ суусун сол жээги 130 м аралыкта «габиом» менене бекемдөө жумуштары жана Долон суусу агып өткөн суу нугун 200 м аралыкта тереӊдетүү жумуштары «Теӊир-Тоо» өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |