| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үнүн эркин экономикалык зонанын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зонанын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгынан бошотулган товарлардын тизмегине товарларды киргизүү ТАРТИБИ ЖАНА КРИТЕРИЙЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зонанын (мындан ары - ЭЭЗ) аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) бошотулуучу товарлардын тизмегине (мындан ары - Тизмек) киргизүү үчүн товарларды тандоо жол-жобосун жана критерийлерин белгилейт.
2. Тизмекке Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коюлган талаптарга ылайык иш жүргүзгөн ЭЭЗ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн, аларды Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЗ аймагынан ташып чыгууда ушул Тартиптин 5-пунктунда каралган критерийлерге ылайык келген товарлар киргизилет.
3. Тизмекке киргизилген товарлар Тизмекке киргизилген жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып КНС төлөөдөн бошотулат.
4. Бул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугун түзгөн эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде чечмеленет.
2-глава. Товарларды тандоо критерийлери
5. Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЗ аймагынан алып чыгууда, анын ичинде аларды ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда КНСтен бошотулган товарлардын тизмегине киргизүү үчүн ЭЭЗ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн товар төмөнкү критерийлердин бирине ылайык келүүгө тийиш:
1) товарлардын жалпы санынын 80%дан ашык көлөмүндө импорттолгон шартта (импортту алмаштыруу) товар ташып келинүүчү (анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолуучу) алмаштырылма товар болушу керек;
2) интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдан товар ата мекендик иштеп чыгууларга негизделгенин ырастоочу тиешелүү документтерди берүүдө ата мекендик иштеп чыгууларга негизделген товар.
3-глава. ЭЭЗ субъекттеринин ЭЭЗ башкы дирекциясына кайрылуу тартиби жана мөөнөттөрү
6. ЭЭЗ субъекти ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон критерийлердин бирине жана/же андан көбүнө ылайык келген учурда ЭЭЗ башкы дирекциясына жыл сайын 1-июндан 1-июлга чейинки мезгилде арыз менен, анын ичинде электрондук форматта кайрылууга укуктуу.
7. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же электрондук формасы;
2) салык карызынын жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
3) бажы төлөмдөрү жана жыйымдары боюнча карызынын жоктугу тууралуу бажы органынан маалымкат.
4-глава. Арызды кароо тартиби
8. ЭЭЗ башкы дирекциясы ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн арыздарды жана ага тиркелген документтерди 1-июндан 1-июлга чейинки мезгилде кабыл алат.
9. ЭЭЗ башкы дирекциясы жыл сайын 30-июлдан кечиктирбестен ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн кабыл алынган арыздардын негиздемелери жана экономикалык эсептөөлөрү менен ушул Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин кароосуна берет.
10. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик товарларды Тизмекке киргизүү боюнча сунушту кароо үчүн ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайыктуулугун талдоону жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана башка мамлекеттик органдардан маалымат сурайт.
11. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ЭЭЗ башкы дирекциясына товарлардын ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайыктуулугуна талдоонун жыйынтыгын көрсөтүү менен сунуштарды кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлайт.
12. ЭЭЗ башкы дирекциясы ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган билдирүүнү алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде ЭЭЗ чарбакер субъекттерине арыздарды кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлайт.
13. ЭЭЗ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн товарлар ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келген учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте тиешелүү жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.