ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы
2023-жылдын 30-январындагы № 95/ХIV-28
2023-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
2023-жылдын социалдык–экономикалык өнүгүү планынын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологонов билдирүү берди: 2022-жылдын социалдык –экономикалык өнүгүү планы 5499,3 м.с. жана анын аткарылышы 5399,5 м.с., же болбосо 98,2% гана аткарылган.(2022-жылдын жана 2023-жылдын аткарылган жана аткарыла турган иштер боюнча билдирүүсү тиркелет). Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. 2023-жылдын социалдык–экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун билдирүүсү көңүлгө алынсын жана “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Белгиленген сын-пикирлер жана аткарылбай калган иш-чараларды аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына 2023-жылда эске алуу жана аткаруу милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын .
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Билдирүүсү тиркелет.
Төрага |
| Ж.Бейшекеев |