Редакцияот 19.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (АЛТЫНЧЫ ШАЙЛАНГАН) КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫ

 

2014-жылдын 19-февралы № 6/7

Кара-Суу шаар мэриясынын 2014-жылдын 11-февралындагы №22 буйругун бекитип берγγ жѳнγндѳ

Кара-Суу шаарынын жашоочуларына эс алуу γчγн жакшы шарттарды тγзγγ жана «Ж.Бѳкѳнбаев» атындагы эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Кара-Суу шаардык кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

Кара-Суу шаар мэриясынын 2014-жылдын 11-февралындагы чыгыш   № 112 сандуу катынын негизинде 2014-жылдын 11-февралындагы   №  22 буйругунун негизинде тγзγлгѳн  «Ж.Бѳкѳнбаев» атындагы эс алуу багынын жер тилкесин ижара шартында мыйзам чегинде убактылуу пайдаланууга берγγ γчγн тγзγлгѳн тѳмѳндѳгγ конкурстук комиссиясынын курамын бекитилсин:

 

1. Осмоналиев Ш            Кара-Суу шаарынын вице-мэри,

комиссиянын тѳрагасы;

2. Исмаилов С  Кара-Суу шаардык муниципалдык менчик департаментинин директору;

3. Мамытов.З- Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы

4. Чырмашев.Ы            Кара-Суу шаардык кеңештин депутаты (макулдугу менен)

5. Орозмаматова.В     Кара-Суу шаардык кеңештин депутаты (макулдугу менен) 

 

2. Кара-Суу шаар мэриясы, тγзγлгѳн комиссия менен биргеликте комиссияга келип тγшкѳн материалдарды ѳзγнγн жыйындарында карап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн №571 токтомунун талаптарына ылайык жγргγзγγ милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы:

Р.Х. Хатамов