Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 1/I-29
Ысык-Ата айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Ысык-Ата айылдык кеңештин Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Ысык-Ата айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. Ибраимов Нурлан Таалайбекович Ысык-Ата айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Ибраимов |