Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-январы № 16
Суу-Башы айыл аймагындагы ижарага берилүүчү жерлерге чектөө коюу жөнүндө
”Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Суу-Башы айылдык кеңешинин жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 13-январындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 13-январындагы №4 сандуу кайрылуу катыны карап чыгып,талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын элдерине ижарага берилүүчү жерлердин өлчөмү ар бир атуулга 1га чейинки өлчөмүндө бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде жер аянттарын бөлүп берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |