Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы

 

2023-жылдын 30-январындагы № 101/ХIV-28

 

Карагай-Булак айылынын айыл башчысы Т.Алчинбаевдин кайрылуусу жөнүндө

 

Карагай-Булак айылынын айыл башчысы Т.Алчинбаевдин Карагай-Булак таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 2023-жылдын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен айылга кошумча булактан таза суу тартып келүүгө 400 000 (төрт жүз) миң сом акча каражатын бөлүп берүү кайрылуусун КР бюджет тутумунун бюджеттер долбоорунун №19 бөлүмүнүн 89-беренесине ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн кезектеги 2022-2024-жылдарга бюджеттик бөлүмүн карап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорунан 400 000 (төрт жүз) миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев