Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 3/I-29
Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы жана Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечими жана КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 07-декабрына чакырылсын.
2. Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчулүктүү жыйынынын курамы калктын санына ылайык -50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 04-декабрдан 05-декабрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1 тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормаларын калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 5 адамдан бекитилсин (№2 тиркеме)
5. Бул токтом Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн веб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.
6. Жогорудагы токтомдун көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Токтом бирдобуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |
|
| Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3/Ι-29 токтомуна Тиркеме №1 |
Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү жыйындарынын
ГРАФИГИ:
№ | Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегаттардын саны | Жооптуулар |
1 | Карагай-Булак | 04.12.2024 Саат 10.00 | 895 | 5 | Усупбаев Артык, Т.Алчинбаев |
2 | Тогуз-Булак | 04.12.2024 Саат 12.00 | 608 | 5 | Итибаева Рыскан, Э.Шеримбеков |
3 | Горная-Серафимовка | 04.12.2024 Саат 14.00 | 475 | 5 | Итибаева Рыскан, Э.Шеримбеков |
4 | Алмалуу | 04.12.2024 Саат 15.00 | 1716 | 10 | Сейдакматов Эрмекбай, У.Далбаев |
5 | Жогорку-Ичке-Суу | 05.12.2024 Саат 10.00 | 349 | 5 | Сарыбаева Мейликан, Э.Тоялиев |
6 | Ичке-Суу | 05.12.2024 Саат 12.00 | 404 | 5 | Сарыбаева Мейликан, Э.Тоялиев |
7 | Норус | 05.12.2024 Саат 12.00 | 390 | 5 | Сарыбаева Мейликан, Э.Тоялиев |
8 | Үч-Эмчек | 05.12.2024 Саат 14.00 | 906 | 5 | Канатбек уулу Адилет, К.Керимкулов |
9 | Таш-Башат | 05.12.2024 Саат 15.00 | 261 | 5 | Канатбек уулу Адилет, К.Керимкулов |
Төрага | Н. Ибраимов |
|
| Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3/Ι-29 токтомуна Тиркеме №2 |
Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
№ | ФАА | Кызматы |
1 | Ибраимов Нурлан Таалайбекович | Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасы , жумушчу топтун төрагасы |
2 | Алымкулова Айзат Эгембердиевна | Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары |
3 | Сарыбаева Мейликан | Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, жумушчу топтун катчысы |
4 | Итибаева Рыскан | Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү |
5 | Сейдакматов Эрмекбай | Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү |
6 | Усупбаев Артык | Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү |
7 | Канатбек уулу Адилет | Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү |
Төрага | Н. Ибраимов |