Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы

 

2023-жылдын 30-январындагы № 105/ХIV-28

 

Норус айылынын депутаты Г.Чотиеванын кайрылуусу жөнүндө

 

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаты Г.Чотиеванын кайрылуусунда көрсөтүлгөн Норус айылына мектеп жашына чейинки балдар үчүн аянтча жасоо ( карусель, селкинчек, турникеттер) үчүн 500 000(үч жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берүү кайрылуусу боюнча Ысык-Ата айылдык Кенеши 2023-жылдын 30-январында кезектеги 15–сессиясында карап,талкуулап чыгып КР бюджет тутумунун бюджеттер долбоорунун №19 бөлүмүнүн 89-беренесине ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн кезектеги 2022-2024-жылдарга бюджеттик бөлүмүн карап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорунан 500 000 (үч жүз) миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев