Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 5/I-29
Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына, “Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамга ылайык жана депутаттар: А.Рахматова, Ж.Бейшекеевдин, Э.Бердиматова, А.Бектуров сунуштарын угуп, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиянын курамы 5 депутаттан түзүлсүн:
1. Бердиматова Элвира Бекбергеновна №2-шайлоо округунун депутаты.
2. Сарыбаева Майлихан Мамановна №3-шайлоо округунун депутаты.
3. Рахматова Айчүрөк Эркиновна №3-шайлоо округунун депутаты.
4. Чулеев Шерик Ишенбаевич №2-шайлоо округунун депутаты.
5. Бейшекеев Жоомарт Бейшекеевич №2-шайлоо округунун депутаты.
2. Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы- Бердиматова Элвира Бекбергеновна бекитилсин.
Токтом бирдобуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |