ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз ХVI (он алтынчы) сессиясы
2023-жылдын 03-мартындагы № 114/ХVI-28
Калктуу пункттардын санитардык тазалык, жашылдандыруу соц.обьектилери, жолдорду, арыктарды оңдоо иштеринин жүрүшү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн калктуу пункттардын санитардык тазалыгы, жашылдандыруу, соц.обьектилерди, жолдорду, арыктарды оңдоо иштеринин жүрүшү жөнүндө” баяндамасын Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сын-пикирлерди эске алып, калктуу пункттардын санитардык тазалыгы, жашылдандыруу, соц.обьектилерди.жолдорду, арыктарды оңдоо иштерин көзөмөлгө алсын, айыл башчылардын милдетин так, туура түшүндүрсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Ж.Бейшекеев |