Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-декабры № 4
Айдаркен шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жɵнүндɵ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесинин 9-пунктуна, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 06-декабрындагы №01-25/330 буйругу менен бекитилген жергиликтүү кеңештин Типтүү регламентине негиз Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын Регламенти кошумча алымчасы менен бекитилсин.
2. Айдаркен шаардык кеңешинин 2021-жылдын 14-майындагы №2-Токтому жана 2024-жылдын 06-мартындагы №76-Токтому менен бекитилген регламенттери күчүн жоготту деп табылсын.
3. Шаардык кеңештин депутаттарына ɵздɵрүнүн ыйгарым укуктарын регламенттин негизинде алып барууга жана регламенттин жоболорун сактоо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Айдаркен шаардык кеңешинин төрагасы | А.А. Алтымышова |