Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 4
“Кезектеги III Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү графигин белгилөө жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндо” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнса агенттиктин 2024-жылдын 22-ноябрындагы №01-13/702 сандуу катын аткарууга алуу менен Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнса агенттиктин 2024-жылдын 22-ноябрындагы №01-13/702 сандуу катын негизинде берген маалыматы көңүлгө алынсын.
2.” Кезектеги III Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыкка ылайык түзүлгөн Жалпы жобонун негизинде Ак-Суу айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистеринен төмөнкү курамда Жумушчу тобу түзүлгөндүгү көрсөтүлсүн.
1.Саматов.А.Р.-Айылдык кеңештин депутаты.(төрага)
2.Мовлонова.Л.П.-Айылдык кеңештин депутаты.
3.Гойипов.Ж.-Жеңиш,Алга а/айыл башчысы.
4.Халмуратов.А.Э.-Айылдык кеңештин депутаты.
5.Шамшимаматов.А.Ш.-Айылдык кеңештин депутаты.
3.Ак-Суу айыл аймагынын айылдарында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчун чогулуштарды өткөрүү төмөнкүдөй графикте өткөрүлсүн:
Ак-Суу айылы. 5-декабрь 2024-жыл.Саат 16-00 дө.
Суу-Башы айылы.5-декабрь 2024-жыл.Саат 10-00 дө.
Жезкен айылы. 5-декабрь 2024-жыл. Саат 12-00 дө.
Жеңиш айылы. 4-декабрь 2024-жыл саат 12-00 дө.
Алга айылы. 4-декабрь 2024-жыл саат 10-00 дө.
4.Графикке ылайык III Элдик Курултайды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,делегаттарды шайлоону уюштуруу жумушчу топко,айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясына жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы: |
А.Саматов |