Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 5
“Ак-Суу айылынын Корук жана Коргон-Сай ички көчөлөрүн капиталдык ондоодон өткөрүү жана асфальт басуу үчүн акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айылынын Корук жана Коргон-Сай ички көчөлөрүн (1200 метр аралыкты) капиталдык оңдоодон өткөрүү жана асфальт басуу үчүн 2025-жылдын Түрткү берүүчү грант эсебине сунуштоо жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары
5 013 824 (беш миллилн он үч миң сегиз жүз жыйырма төрт) сом акча каражатын бөлүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т :
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 2025-жылга бюджет эсебинен 5 013 824 (беш миллилн он үч миң сегиз жүз жыйырма төрт) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
Суралсын 5 000 000 (беш миллион)сом акча каражаты Түрткү берүүчү(үлүштүк) гранттар эсебинен.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевге жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын экономика,бюджет,
соода жана ишкердүүлүк боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы: |
А.Саматов |