Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/4
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «ЭлдикКурултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгынын негизинде III Элдик Курултайга Кум-Дөбө айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруп, өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгын аткаруу максатында Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгыжетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын калкынын саны 13796 болгондуктан жергиликтүү
коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн жалпы саны 100 деп бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнө шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрү Кум-Дөбө айыл аймагындагы Ак-Жар, Кум-Дөбө, Бугучу, Шамшы, Арсы, Кара-Тоо айылдарынан калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо (30 % кем эмес бир жыныстын өкүлдөрү делегаттардын санынын 70 пайызынан ашпоого тийиш) менен пропорционалдуу шайлансын. (№2 тиркеме).
5. Кум-Дөбө айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнө шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү бекитилген графикке ылайык белгиленсин (№3 тиркеме).
6. Элдик курултайдын делегатын шайлоо боюнча жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү бекитилген графикке ылайык белгиленсин ( №4 тиркеме).
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларына жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
К. Ыбышов |
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык
кеңешинин VIII чакырылышынын
I кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1/4 токтомуна 1-тиркеме
Кум-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 20 адам болсун жана төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу тобунун ролу | Айыл аймака жооптуу |
1 | Ыбышов Каныбек Зарлыкович | Айылдык кеңештин төрагасы | Төрага | Баардык |
2 | Сыдыков Дудайбек Асанбекович | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | Катчы | Баардык |
3 | Сарыпбек уулу Тилек Татыбекова Майрамгүл | Депутат | Мүчөсү | Бугучу айылы |
4 | М.Ашыралиев | А/О кызматкери | Мүчөсү | Бугучу айылы |
5 | Арыстанбекова Майрамбүбү Аскеева Дамира Нияман уулу Батырбек Сыдыкова Сажида
| Депутат | Мүчөсү | Кум-Дөбө айылы |
6 | Нуркалиев Керим | Айыл башчы | Мүчөсү | Кум-Дөбө айылы |
7 | Керимова Нурзат Эгинбаев Нуриса | Депутат | Мүчөсү | Шамшы айылы |
8 | Мыктыбеков Таалайбек | Айыл башчы | Мүчөсү | Шамшы айылы |
9 | Байгазиев Калмырза Бекбоева Жазгул Макилов Руслан | Депутат | Мүчөсү | Ак-Жар айылы |
10 | Дүйшөналиев Маршал | Айыл башчы | Мүчөсү | Ак-Жар айылы |
11 | Чынарбек уулу Бактяр Назаркулов Бактидин | Депутат | Мүчөсү | Арсы айылы |
12 | Дүйшөналиев Улан | Айыл башчы | Мүчөсү | Арсы айылы |
13 | Кожобаева Анара Токоева Эльмира Бейшенбек уулу Амантур | Депутат | Мүчөсү | Кара-Тоо айылы |
14 | Токтосунов Фархат | Айыл башчы | Мүчөсү | Кара-Тоо айылы |
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык
кеңешинин VIII чакырылышынын
I кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1/4 токтомуна 2-тиркеме
Кум-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын (жаамат)өкүлчүлүктүү жыйынынын саны жана квотасы
№ | Айылдардын (чөлкөмдүн) аталышы | Калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны | Гендердик баланс 30% (аял) |
1 | Кум-Дөбө айылы | 4029 | 137,96 | 30 | 21-эркек, 9-аял |
2 | Ак-Жар айылы | 2190 | 137,96 | 16 | 12-эркек, 4-аял |
3 | Шамшы айылы | 2711 | 137,96 | 20 | 14-эркек, 6-аял |
4 | Бугучу айылы | 1207 | 137,96 | 9 | 8-эркек, 1-аял |
5 | Кара-Тоо | 2878 | 137,96 | 20 | 14-эркек 6-аял |
6 | Арсы | 781 | 137,96 | 5 | 4-эркек 1-аял |
Жалпысы: | 13796 |
| 100 өкүл | 73-эркек 27-аял | |
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык
кеңешинин VIII чакырылышынын
I кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1/4 токтомуна 3-тиркеме
2024-жылдын 4-декабрдан 5-декабрга чейин чейин Кум-Дөбө айылаймагында жергиликтүү коомдоштуктардын (жаамат)өкүлчүлүктүү жыйынындарында тургундарды шайлоо боюнча жыйындарынын өткөрүү ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Кум-Дөбө айылы | Айыл өкмөтүнүн кеңсесинде | 5.12.2024ж саат 2-00 | Айылдык Кеңеш, коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
2 | Бугучу айылы | Бугучу айылында мектептин спорт залында | 5.12.2024ж саат 10-00 | Айылдык Кеңеш, коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
3 | Шамшы айылы | Шамшы айылынын клубунда | 5.12.2024ж саат 12-00 | Айылдык Кеңеш, коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
4 | Ак-Жар айылы | Ак-Жар айылынын клубунда | 4.12.2024ж саат 14-00 | Айылдык Кеңеш, коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
5 | Кара-Тоо айылы | Кара-Тоо айылында мектептин спорт залында | 4.12.2024ж саат 12-00 | Айылдык Кеңеш, коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
6 | Арсы айылы | Арсы айылында мектептин спорт залында | 4.12.2024ж саат 10-00 | Айылдык Кеңеш, коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык
кеңешинин VIII чакырылышынын
I кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 28-ноябрь №1/4 токтомуна 4-тиркеме
Кум-Дөбө айыл аймагындагы жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүүжыйынынын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуучулар |
1 | Кум-Дөбө айылы | Айыл өкмөтүнүн жыйындар залында. | 7.12.2024ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |