Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 25-январындагы № 31
токтомуна ылайык КОЛДОНУЛУШУ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-декабры № 823
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 16, 18, 25, 27, 28-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:
- 3-пункттун экинчи абзацы "баалуу кагаздар рыногун" деген сөздөрдөн кийин ", виртуалдык активдер рыногун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 50-пунктча менен толукталсын:
"50) виртуалдык активдер кызматын көрсөтүүчүлөрдөн виртуалдык активдерди контролдук сатып алууга.";
- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- виртуалдык активдер кызматын көрсөтүүчүлөрдөн виртуалдык активдерди контролдук сатып алуу максатында түзүлгөн фонддун каражаттарынын;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 "Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Иштеп жаткан виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр уставдык капиталдын өлчөмүн 2026-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 2-пунктта:
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кардарлар - виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) контрагенттери, жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) адистештирилген платформасында өз атынан, өз каражаттарынын эсебинен жана өз кызыкчылыктарында алар менен бүтүмдөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырган чет өлкөлүк жеке/юридикалык жактар;";
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
"крипто-банкомат - фиаттык каражаттарды жана виртуалдык активдерди алмаштыруунун автоматташтырылган системасы;";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору (криптобиржа) пайдалануучулардын активдерин өзүнүн балансында сактаган учурда, ал виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) финансылык активдерин, электрондук виртуалдык активдерди, виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунда (криптобиржада) турган акча каражаттарын өзүнчө эсепке алууну камсыз кылууга милдеттүү.";
- мамлекеттик тилдеги 11-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Виртуалдык активдердин тооруктарынын борборлоштурулган оператору (криптобиржа) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун ички эрежелеринде белгиленген кардарды талаптагыдай текшерүү жол-жоболорунан өткөрүүгө милдеттүү.
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (AML) боюнча чараларды сактоонун алкагында юридикалык жана жеке жактардын виртуалдык активдер боюнча транзакцияларына бардык текшерүүлөр ыйгарым укуктуу орган аныктаган маалыматтык система (программалык камсыздоо) аркылуу милдеттүү тартипте өтүүгө тийиш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-пункт менен толукталсын:
"18-1. Кыргыз Республикасынын жарандары менен аларга виртуалдык активдерди акча каражаттарына же электрондук акчага сатуу, же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштыруу боюнча бүтүмдөр түзүлгөнгө чейин виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору (криптобиржа) алардын мындай бүтүмдөрдү жасоо үчүн жетиштүү билим деңгээлине (компетенттүүлүккө) ээ экендигине ынанууга милдеттүү. Виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору (криптобиржа) мындай билим деңгээлине (компетенттүүлүккө) ээ эместиги аныкталган Кыргыз Республикасынын жарандары менен аталган бүтүмдөрдү түзүүгө укугу жок.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү түзүү үчүн билим деңгээлин (компетенттүүлүгүн) аныктоо виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору (криптобиржа) тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына толтуруу (чечим) үчүн суроо (тест) берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Суроо (тест) жана ага өзгөртүүлөр/толуктоолор ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу орган тиешелүү кабарлоону алгандан кийин алынган суроону (тестти) талдайт жана сын-пикирлер/сунуштар болгон учурда кабарлоо катталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде виртуалдык активдердин тооруктарынын операторуна суроону (тестти) иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
Виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору (криптобиржа) кардарга виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жүргүзүүдө тобокелдиктер жөнүндө маалымдоого тийиш.";
- 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- кардарлардын билим деңгээлин (компетенттүүлүгүн) аныктоочу суроо (тест).
Виртуалдык активдер менен биржа тооругунун эрежелери виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун интернет-сайтында жарыяланууга жана тооруктардын бардык катышуучулары таанышуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.";
- 30-пункттун биринчи абзацы "уюштуруучулары/акционерлери" деген сөздөрдөн кийин ", бенефициардык ээлери" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 30-1-пункт менен толукталсын:
"30-1. Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун кызмат адамдары ыйгарым укуктуу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
Талапкерлиги макулдашылууга тийиш болгон виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун кызмат адамдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- директорлор кеңешинин жетекчиси жана мүчөлөрү (бар болсо);
- жетекчи (аткаруу органынын функцияларын жалгыз аткаруучу адам) жана аткаруу органынын мүчөлөрү;
- башкы бухгалтер же жалгыз бухгалтер;
- ыйгарым укуктуу кызматкер же тобокелдик жана комплаенс боюнча директор.
Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун кызмат адамы өзүнүн кызмат ордун макулдашпастан дайындалган (шайланган) күндөн тартып 45 (кырк беш) календардык күндөн ашпастан ээлөөгө укуктуу.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жана макулдашууга документтердин толук пакети берилбеген же макулдашуудан баш тартылган учурларда виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору ошол адам менен эмгек келишимин бузууга, же болбосо эмгек келишими жок болгон учурда ошол кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун кызмат адамынын милдеттерин ушул пунктта белгиленген мөөнөттөн ашык мөөнөттө макулдашпастан аткарууга (убактылуу жок болгонду алмаштырууга) тыюу салынат.
Кызмат адамын макулдашуу үчүн виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору ыйгарым укуктуу органга ар бир талапкерди макулдашуу жөнүндө катты (өзүнчө) төмөнкү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен берүүгө тийиш:
- талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечимдин;
- талапкердин өздүк күбөлүгүнүн;
- соттолбогондугу тууралуу маалымкаттын түп нускасын;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча талапкердин анкетасынын түп нускасын.
Эгерде кызмат адамынын талапкерлигин макулдашуу үчүн документтер "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында бар болсо, анда аларды ыйгарым укуктуу органга берүү талап кылынбайт.
Макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызмат адамдарынын курамы өзгөргөндө, виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору жаңы кызмат адамы шайланган (дайындалган) күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоо берүүгө милдеттүү. Жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө кат ыйгарым укуктуу органга шайланган (дайындалган) учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жогоруда саналган документтерди тиркөө менен берилет.
Анкетанын пункттарында камтылган маалыматтар өзгөргөндө макулдашуудан өткөн кызмат адамдары өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга бул тууралуу кабарлоого (жазуу жүзүндө) милдеттүү.
Кызмат адамын макулдашууга документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүү үчүн берилген документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык документтердин толук пакети берилген датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылат:
- кызмат адамдарынын ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбөөсү;
- виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору сын-пикирлерди четтетпесе же виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди документтерди кароонун ушул пунктунда белгиленген мөөнөтү өткөндөн кийин берсе;
- ушул пунктта белгиленген мөөнөттүн ичинде өз кызмат ордун макулдашпастан ээлей ала турган кызмат адамы ошол мөөнөт өткөндөн кийин документтерди берсе.
Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) берилген макулдук төмөнкүдөй негиздер боюнча чакыртып алынат:
- берилген макулдуктун негизинде анык эмес маалыматтар аныкталса;
- кызмат адамына жана/же виртуалдык активдердин тооруктарынын операторуна ыйгарым укуктуу орган таасир этүү чараларын системалуу түрдө (акыркы 12 календардык айдын ичинде 3 жана андан көп жолу) колдонсо, мында тиешелүү кызмат ордун ошол кызмат адамы ээлесе (акыркы 12 календардык айдын ичинде ээлесе);
- жоюлбаган соттуулугу болсо.
Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдук чакыртылып алынган учурда виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору ошол адам менен чакыртып алынган күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндөн кечиктирбестен эмгек келишимин бузууга милдеттүү. Эгерде эмгек келишими жок болсо, виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору ошол кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.";
- 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын резиденттери - жеке жана юридикалык жактарга лицензиясы жок виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлору аркылуу виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.";
- 8-глава төмөнкүдөй мазмундагы 39-1 - 39-3-пункттар менен толукталсын:
"39-1. Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлоруна төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) купуялуулугу жогору болгон виртуалдык активдердин капчыктарын (Private Wallets) ишинде пайдаланууга, эгерде мындай капчыктардын ээлери/кармоочулары талаптагыдай түрдө идентификацияланбаса;
2) купуялуулугу жогору болгон виртуалдык активдерди (Private Coins) жана уникалдуу мүнөздөмөлөрү менен токендерди (NFT) ишинде пайдаланууга;
3) чет өлкөлүк финансы мекемелери тарабынан чыгарылган алдын ала төлөнгөн карталарды ишинде пайдаланууга;
4) виртуалдык активдерди онлайн-казино даректерине которууга;
5) эгерде мындай системаларда/платформаларда капчыктардын ээлери/кармоочулары талаптагыдай түрдө идентификацияланбаган болсо, виртуалдык активдерди борбордон ажыратылган системага (DeFi, DEX) которууга.
Пайдаланууга тыюу салынган виртуалдык активдердин тизмеси ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана ыйгарым укуктуу органдын интернет-сайтында жарыяланат. Алып салуу айрым виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлоруна акыркынын суроо-талабы боюнча жана мындай виртуалдык активдерди кармоочуларды идентификациялоонун деталдуу процессин жана мындай виртуалдык активдер менен байланышкан операцияларды контролдоо/мониторингдөө системасын берүү шартында жактырылышы мүмкүн.
39-2. Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлоруна өз ишинде крипто-банкоматтарды (фиат каражаттарын жана виртуалдык активдерди алмаштыруунун автоматташтырылган системасын) пайдаланууга уруксат берилет.
Крипто-банкоматтарды иденфикацияланган колдонуучулар гана колдоно алышат. Колдонуучуларды идентификациялоо террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына, ошондой эле виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун ички жол-жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
Виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык колдонуучуну идентификациялоо процессинде алынган маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.
Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлору крипто-банкоматтарга санкцияланбаган кирүү жана аларды белгисиз адамдар тарабынан колдонуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу техникалык жана уюштуруучулук коргоо чараларын кароого милдеттүү.
39-3. Эгерде чет мамлекеттердин мыйзамдары виртуалдык активдерди төлөм каражаттары жана (же) товарларга, жумуштарга жана (же) кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн башка каражаттар катары колдонууга жол берсе, анда Кыргыз Республикасында катталган виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлоруна алардын ишинин натыйжасы болуп саналбаган виртуалдык активдерди товарлар, жумуштар жана (же) кызмат көрсөтүүлөр үчүн кабыл алуу, жүргүзүү жана (же) эсептешүү боюнча кызматтарды адистештирилген платформа аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына көрсөтүү укугу берилет.";
- 48-пунктта "100000000 (жүз миллион) сом" деген сөздөр "2000000 (эки миллион) эсептик көрсөткүчтөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51. Виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору (криптобиржа) тарабынан жүзөгө ашырылуучу виртуалдык активдердин кызматтарын көрсөтүүчү катары ишти жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн юридикалык жак ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди/маалыматтарды бир нускада, мамлекеттик же расмий тилдерде берет:
1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу коюлган лицензияны берүү жөнүндө арызды;
2) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (уставды жана уюштуруу келишимин (бирден көп уюштуруучу болсо); юридикалык жакты түзүү жөнүндө, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, директорлор кеңешин (эгерде бар болсо) жана башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо жөнүндө чечимдерди;
3) акционерлер/уюштуруучулар - жеке адамдар жана юридикалык жактын бенефициардык ээлери боюнча документтерди/маалыматтарды (юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээлерин аныктоого мүмкүндүк берген юридикалык жактын менчик түзүмүнүн схемалык сүрөтү; мындай адамдардын идентификациялык маалыматтарын, ар бир мындай акционер ээ болгон капиталдагы акциялардын санын жана пайызын камтыган юридикалык жактын капиталындагы акциялардын беш жана андан ашык пайыздарынын ээлери жөнүндө маалымат; паспорттун көчүрмөсү (резидент үчүн ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эместер үчүн - чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсү); Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган формада документтер берилген датага карата салыктарды төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү (резидент эмес - жеке адам үчүн ушундай эле документтерди келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык берүү зарыл); соттолбогондугу жөнүндө маалымкат);
4) юридикалык жактын кызмат адамдарынын документтерин (паспорттун көчүрмөсү (резидент үчүн ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эмес үчүн - чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсү); Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган формада документтер берилген датага карата салыктарды төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү (резидент эмес - жеке адам үчүн ушундай эле документтерди келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык берүү зарыл); соттолбогондугу жөнүндө маалымкат; билимин, алган дипломдорун, ал өткөн тиешелүү кесиптик даярдоо окуу курстарын, кесиптик тажрыйбасын, анын ичинде, атап айтканда ал иштеген бардык уюмдардын аталышын, ээлеген кызмат ордунун мүнөзүн жана узактыгын, ишкердик беделин көрсөтүү менен актуалдуу өмүр баяны);
5) ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча акционерлер/уюштуруучулар, кызмат адамдары жана юридикалык жактын бенефициардык ээлери тарабынан толтурулган жана кол коюлган анкеталар же болбосо толтурулган анкеталардын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрүн кийин түп нускасын берүү менен;
6) корпоративдик башкаруу жана менеджмент менен байланышкан юридикалык жактын ички башкаруу саясатын; ички контролдоо саясатын; уюштуруучулук/функциялык схемасын; тобокелдиктерди башкаруу саясатын; тобокелдиктердин жалпы матрицасын; ички саясаттардын/жол-жоболордун реестрин; штаттан тышкаркы кырдаалдар келип чыккан учурдагы аракеттердин тартибин; окутуу боюнча колдонмо жана материалдарды; бүтүмдөрдү түзүүдө виртуалдык активдерин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) катышуучуларынын өз ара эсептешүүлөрүнүн тартибин; агенттер аркылуу өтүүчү акча каражаттарынын кыймылынын тартибин; террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуучу куралды таратууга катышы бар адамдардын эл аралык жана улуттук тизмелери боюнча кардарларды текшерүү боюнча жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымдамаларын башкаруу боюнча механизмдердин деталдуу сыпатталашын; чет өлкөлүк виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлорунан (криптобиржа) чыгарылган жана жүгүртүлгөн чет өлкөлүк виртуалдык активдердин листинг жол-жоболорун камтыган виртуалдык активдердин листингинин эрежелерин сыпаттаган ички документтеринин/саясаттарынын/жол-жоболорунун көчүрмөлөрүн (документтер көктөлүүгө, номерленүүгө, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш);
7) юридикалык жактын финансылык маселелерине байланыштуу документтерди/маалыматтарды (операциялык иш-аракеттердин программасы/планы; виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө кеминде максаттардын аныктамасын камтыган бизнес-план (техникалык-экономикалык негиздеме), бул кызматтарды көрсөтүүдөн кеминде 3 (үч) жылга күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептөөлөрү; юридикалык жак тарабынан көрсөтүлүүчү ар бир кызмат үчүн блок-схеманы (кардарларга/пайдалануучуларга конкреттүү кызмат көрсөтүүдө орун алган кадамдардын/процесстердин ырааттуулугун визуалдаштырылган схемасы); иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу саясаты жана планы; виртуалдык активдерге байланыштуу кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн кардарлардан жана өз агенттеринен акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн банкта алыш-бериш эсебин ачуу үчүн келишимдин көчүрмөсү, ошондой эле юридикалык жактын чарбалык иши үчүн өзүнчө эсеп; ушул Жобого ылайык уставдык капитал катары акча каражаттарынын салынгандыгын ырастаган документ; юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн, салык органдарына берилген акыркы отчеттук датага карата финансылык отчет);
8) юридикалык жактын ресурстары жөнүндө маалыматтар/документтер (пландалган ишке бөлүнгөн кадрдык жана техникалык ресурстардын сыпаттамасы; иштин ар бир түрү боюнча кадрдык жана техникалык болжол; серверлерде жайгаштырылган платформаны орнотуу жана аны өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүү актысы, алардын бири (негизги сервер) Кыргыз Республикасынын аймагында, ал эми экинчиси (запастык сервер) программалык камсыздоону коргоо жана киберчабуулдардан коргоо максатында - чет мамлекеттин аймагында болууга тийиш);
9) юридикалык жактын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү системасы боюнча документтерди/маалыматтарды (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү системасы боюнча колдонмо; тиешелүү текшерүү, кардарларды талаптагыдай кароо, идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарларды кабыл алуу саясаты; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарларга жана транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жол-жоболору; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында окутуу боюнча колдонмо; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы кызмат көрсөтүүчүлөр менен макулдашуулар; террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктеринин матрицасы; террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан тобокелдиктерди баалоо үчүн инструменттердин функционалдык мүмкүнчүлүктөрү; инструменттерде сатылган террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү сценарийлери; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө эскертүүлөрдүн көлөмү жана тобокелдиктердин деңгээли боюнча классификацияланган кардарлардын саны);
10) юридикалык жактын киберкоопсуздук жана маалыматтык технологиялар саясаты боюнча документтерин (маалыматтык коопсуздукту (киберкоопсуздукту) камсыз кылуу тартибин регламенттөөчү жол-жоболор - коопсуздук уюмунун сыпаттамасы; маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты (ички жана тышкы); киберкоопсуздук саясаты; кибертобокелдиктерди баалоо жана каттоо жол-жоболору; криптокапчыктардын ачкычтарын башкаруу жол-жоболору; кардарлардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу тартиби);
11) юридикалык жактын кардарларынын маалыматтарын/документтерин (жалпы жоболор жана шарттар; доомат иштерин жүргүзүү тартиби; кардарлардын/инвесторлордун укуктарын коргоо саясаты; кардарлар үчүн баа саясаты; кардарларга акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби);
12) уюштуруу документтерине ылайык жетекчи же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган, мөөрү басылган, лицензия алуу үчүн өкүлгө берилген ишеним катты, эгерде өкүл юридикалык жактын атынан ишеним кат боюнча иш жүргүзсө;
13) юридикалык жактын ишкердик бедели жөнүндө маалыматтарды;
14) лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документти.";
- 16-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
- 90-пункттун биринчи абзацы "квартал сайын" деген сөздөрдөн кийин "отчеттук квартал аяктаган датадан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 90-1-пункт менен толукталсын:
"90-1. Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун иши Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жаатындагы мыйзамдарына жана аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген аудитордук уюм гана виртуалдык активдердин тооругунун операторунун тышкы аудитору боло алат.
Финансылык жыл аяктагандан кийин виртуалдык активдердин тооругунун оператору төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- жаңы финансылык жыл башталгандан тартып 90 (токсон) күнгө чейинки мөөнөттө виртуалдык активдердин тооругунун операторуна тышкы аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга;
- жаңы финансылык жыл башталгандан тартып 15 (он беш) күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн финансылык отчет жана аудитордун виртуалдык активдердин тооругунун операторунун жетекчилигине жазган каты менен бирге берүүгө.";
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) акционеринин/уюштуруучусунун, бенефициардык ээсинин жана кызмат адамынын анкетасы";
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) акционеринин/уюштуруучусунун, бенефициардык ээсинин анкетасы";
- жогоруда аталган Жобонун 5-9-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жободо:
- 1-пунктта:
үчүнчү, тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төртүнчү, бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"виртуалдык активдердин эмиссиясын мамлекеттик каттоо жана ачык жайгаштыруу - чыгарылган виртуалдык активдердин ак кагазын (white paper) мамлекеттик каттоо менен коштолгон виртуалдык активдердин чыгарылышын мамлекеттик каттоо, ошондой эле бул жөнүндө, анын ичинде виртуалдык активдер, алардын эмитенти жөнүндө маалыматтарды Виртуалдык активдердин эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү;
виртуалдык активдин номиналдык наркы - виртуалдык активди жайгаштырууда билдирилген, виртуалдык активдердин эмитентинин чечими боюнча улуттук же чет өлкөлүк валютада туюндурулган виртуалдык активдин наркы (баасы);";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"күрөө наркы - күрөө катары пайдаланылган активдин наркы.";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо, ошондой эле Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 - 3-11-пункттар менен толукталсын:
"3-1. Кыргыз Республикасынын аймагында камсыз кылуусуз виртуалдык активдерди чыгарууга тыюу салынат.
3-2. Виртуалдык активдерди чыгарууда алардын эмитенти виртуалдык активдердин (криптобиржаларынын) тооругунун оператору жүргүзгөн виртуалдык активдердин ээлеринин реестринде ээси катары катталган адамдардын кызыкчылыгында күрөө башкаруучуну дайындоого милдеттүү. Мыйзамдардын талаптарына ылайык келген жана виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржаларды) же банктын ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар адамдар гана виртуалдык активдер боюнча күрөөнү башкаруучу катары чыгууга укуктуу. Күрөөнү башкаруучу виртуалдык активдердин эмитентине карата жана эмитенттин алдындагы милдеттенмелеринин өлчөмү анын активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан ашкан эмитенттин каалаган кредиторуна карата аффилирленген жак боло албайт.
3-3. Эгерде виртуалдык активдер боюнча камсыз кылуу жана/же күрөө үчүнчү жак тарабынан берилсе, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимге жана ак кагазга (white paper) ушундай күрөө жана/же күрөө берген адам да кол коюшу керек, ал эми күрөөнү башкаруучу менен мындай күрөөнү берген адамдын (жактардын) ортосунда виртуалдык активдердин ээлеринин пайдасына күрөө келишимдери, ошондой эле күрөө предметинен соттон тышкары өндүрүп алуу жөнүндө келишим түзүлүшү жана катталышы керек.
3-4. Виртуалдык активдердин күрөөсүнүн предмети ушул Жобонун 3-5-пунктунда көрсөтүлгөн виртуалдык активдердин эмитентинин активдери болушу мүмкүн.
3-5. Виртуалдык активдер боюнча күрөө предметинин түзүмү жана курамы:
1) виртуалдык активдер баалуу кагаздардын күрөөсү менен коштолгон виртуалдык активдердин эмиссиясынын көлөмүнүн 100 пайызына чейин мамлекеттик баалуу кагаздардын күрөөсү менен камсыз болушу мүмкүн;
2) виртуалдык активдер ачык акционердик коом формасында түзүлгөн, лицензияланган тооруктарды уюштуруучуда эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча листингден өткөн Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин жөнөкөй энчилүү акцияларынын күрөөсү менен камсыз кылынышы мүмкүн - виртуалдык активдердин эмиссиясынын көлөмүнүн 40 пайызынан ашык эмес. Мында мындай акциялардын күрөөлүк баасы көз карандысыз баалоочу экспертизага ылайык баалоо наркынын 80 пайызынан ашпоого тийиш;
3) виртуалдык активдер пайдалуу казындылардын кендерин жана башка жаратылыш ресурстарын, юридикалык жактарга таандык кыймылсыз мүлктү иштетүү жана пайдалануу укугунун күрөөсү менен камсыз кылынышы мүмкүн, мында мындай мүлктүн күрөөлүк наркы көз карандысыз баалоочу экспертизага ылайык анын бааланган наркынын 70 пайызынан ашпоого тийиш;
4) виртуалдык активдер алтын, улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары түрүндөгү күрөө менен камсыздалышы мүмкүн, мында мындай күрөөнүн наркы көз карандысыз баалоо экспертизасына ылайык алтындын бааланган наркынын 100 пайызы өлчөмүндө кабыл алынат.
3-6. Виртуалдык активдер боюнча камсыздоонун жана/же күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк эмиссияны каттоо жана виртуалдык активдерди ачык жайгаштыруу үчүн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин бир айдан эрте эмес мөөнөттө көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланууга тийиш. Күрөө наркын баалоо алты ай бою актуалдуу деп эсептелет.
3-7. Эгерде күрөөнүн предмети кыймылсыз мүлк болсо, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим эмиссияны каттоо жана виртуалдык активдерди ачык жайгаштыруу үчүн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
3-8. Күрөөнүн предмети баалуу кагаздар болгон учурда, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим тиешелүү көз карандысыз реестр кармоочу же депозитарий тарабынан катталууга тийиш, мында күрөөнүн предмети болуп саналган баалуу кагаздар эмиссияны каттоо жана виртуалдык активдерди ачык жайгаштыруу үчүн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин депонирленет.
3-9. Күрөөнүн предмети алтын, акча каражаттары жана кенди иштетүү укугу болгон учурда виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим, виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) же бул мүлк виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди бергенге чейин депонирленген банк тарабынан катталууга тийиш.
3-10. Виртуалдык активдердин чыгарылышын мамлекеттик каттоого жана аларга күрөөнү каттоого чейин ачык жайгаштырууга тыюу салынат.
3-11. Виртуалдык активдердин эмитенти алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, акыркылар күрөө боюнча башкаруучуга жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу, ал 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен төмөнкү аракеттерди жасоого милдеттүү:
- виртуалдык активдердин эмитентине эмитент тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы боюнча учурдагы кырдаалды түшүндүрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү талап менен кайрылууга жана эгерде мындай милдеттенмелердин аткарылышынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, анда эмитентке 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен мындай мөөнөттү өткөрүп жиберүүнү четтетүү боюнча талапты жазуу жүзүндө билдирүүгө;
- эгерде күрөөнү башкаруучу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде эмитенттен учурдагы кырдаалды түшүндүрүү жөнүндө билдирилген талапка жооп албаса же виртуалдык активдер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды төлөө жөнүндө талап коюлган эмитент аларды 10 (он) күндүк мөөнөттө аткарбаса, күрөөнүн предметинен өндүрүүнү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган аракеттерди баштоого.
Күрөө башкаруучусу виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелердин аткарылышы боюнча кырдаалга көз салып турууга жана виртуалдык активдердин ээлери эмитент тарабынан алардын ээлеринин алдында өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарбаган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндөн ашык эмес убакыт өткөндөн кийин виртуалдык активдердин ээлери жок болгон учурда ушул пунктта көрсөтүлгөн аракеттерди көрүүгө милдеттүү.";
- 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Виртуалдык активдердин эмиссиясына жана ачык жайгаштыруу жол-жобосуна төмөнкү этаптар кирет:
1) эмитенттин виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуусу;
2) эмитенттин ак кагазды (white paper) бекитүүсү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо;
4) виртуалдык активдерди ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуу;
5) виртуалдык активдерди жайгаштыруу;
6) виртуалдык активдердин чыгарылышынын жыйынтыгын ишке ашты же ишке ашкан жок деп таануу.
5. Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу чечими менен төмөнкүлөр аныкталышы керек:
1) виртуалдык активдердин саны;
2) бир виртуалдык активдин номиналдык наркы;
3) виртуалдык активдерди жайгаштыруу мөөнөтү жана шарттары, анын ичинде виртуалдык активдин номиналдык наркынан дисконт менен алдын ала сатуу мезгили;
4) виртуалдык активдин жүгүртүү шарттары;
5) блокчейндин аталышы, виртуалдык активдердин эмитентинин капчыгынын дареги жана смарт-контракт;
6) виртуалдык активдердин чыгарылышынын камсыздоосуна жана күрөөсүнө коюлган мүлктүн наркы жөнүндө маалымат;
7) күрөөнү башкаруучу жөнүндө маалыматтар;
8) күрөө берүүчүнүн күрөөгө коюлган мүлктөн виртуалдык активдердин ээлеринин пайдасына баш тартуу шарттары.
Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.";
- 3, 4, 7-главалардын аталышындагы, 13, 15-19, 28-пункттардагы "чыгарылышын" деген сөз "эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Виртуалдык активдердин эмиссиясын мамлекеттик каттоо жана ачык жайгаштыруу үчүн эмитент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
1) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;
2) виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим;
3) 3 нускада ак кагаз (white paper);
4) блокчейндин аталышы, эмитенттин виртуалдык активдеринин капчыгынын дареги жана электрондук формадагы смарт-контракт;
5) эмитенттин юридикалык жак катары катталгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (эмитент - юридикалык жак үчүн);
6) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эмитент - юридикалык жак үчүн);
7) паспорттун көчүрмөсү (эмитент - юридикалык жак үчүн);
8) каттоо жыйымынын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
9) эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылууну тастыктаган документтер;
10) виртуалдык активдер боюнча камсыздоо жана/же күрөө предмети болуп саналган мүлктү көз карандысыз баалоочунун баалоосунун көчүрмөсү;
11) күрөөлүк камсыздоонун катталгандыгын тастыктаган документ;
12) күрөөнү башкаруу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;
13) эмитент же эмитенттин уюштуруучулары/акционерлери тарабынан ушул Жобонун 4, 5-тиркемелерине ылайык толтурулган жана кол коюлган анкеталар же болбосо толтурулган анкеталардын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, кийин түп нускасын берүү менен.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо же эмиссияны мамлекеттик каттоодон жана виртуалдык активдердин ачык жайгаштырылышынан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди эмиссияны мамлекеттик каттоо жана виртуалдык активдердин ачык жайгаштырылышы үчүн документтерди алган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндөн кечиктирбестен кабыл алат.
11. Виртуалдык активдердин эмиссиясын мамлекеттик каттоо жана ачык жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда эмитентке ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын виртуалдык активдердин эмиссиясын мамлекеттик каттоо жана ачык жайгаштыруу жөнүндө чечими жана катталган ак кагаздын (white paper) эки нускасы берилет.";
- 17-пунктта:
экинчи абзацтагы "эмиссиясын" деген сөздөн кийин "жана ачык жайгаштырылышын" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацтагы "эмиссиясы жөнүндө" деген сөздөр "чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Виртуалдык активдер ак кагазда (white paper) белгиленген мөөнөттө ачык сунушталышы мүмкүн.";
- 26, 27-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Виртуалдык активдердин эмиссиясын мамлекеттик каттоо жана ачык жайгаштыруу үчүн ошол виртуалдык актив боюнча тооруктар жана котировкалар болгон шартта төлөө учурунда криптобиржалардагы курс боюнча ушул чыгарылыштагы бардык виртуалдык активдердин жалпы номиналдык наркынын 0,01 пайызы өлчөмүндө жыйым (каттоо жыйымы) алынат.
27. Бул виртуалдык актив боюнча тооруктар жана котировкалар жок болгон учурда криптобиржаларда виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан билдирилген ушул чыгарылыштагы бардык виртуалдык активдердин жалпы номиналдык наркынан 0,01 пайыз өлчөмүндө жыйым алынат.";
- 31-пункттун биринчи абзацындагы "4-тиркемесине" деген сөздөр "6-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пункттун үчүнчү абзацындагы "чыгарылышынын жана жайгаштырылышынын" деген сөздөр "эмиссиясынын жана/же ачык жайгаштырылышынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинин аталышындагы "чыгарууну" деген сөз "эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 6-тиркемесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Виртуалдык активдердин эмиссиясынын жана/же ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кардарлар - анын бизнес-долбоорунда (негизги саясатында) каралган бүтүмдөрдү (операцияларды) жасаган, же болбосо мындай бүтүмдөрдү (операцияларды) жасоо үчүн өз ара келишимдик мамиледе (анын ичинде ачык офертанын негизинде) болуп, ага кайрылган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун контрагенттери (жеке жана юридикалык жактар);";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
крипто-банкомат - бул фиаттык каражаттарды жана виртуалдык активдерди алмаштыруунун автоматташтырылган системасы.";
-2-главанын аталышындагы "акционерлерине/уюштуруучуларына/катышуучуларына" деген сөздөрдөн кийин ", бенефициардык ээлерине жана кызмат адамдарына" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5, 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, резиденттери/резидент эместери виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары, бенефициардык ээлери жана кызмат адамдары боло алат.
Юридикалык жактын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары, бенефициардык ээлери жана кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар ушул Жобонун 1, 2-тиркемелерине ылайык анкетада берилүүгө тийиш.
6. Төмөнкү жактар виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары, бенефициардык ээлери жана кызмат адамдары боло албайт:
- оффшордук аймактарда туруктуу жашаган жеке жактар жана (же) анда катталган юридикалык жактар - резидент эместер;
- оффшордук аймактарда жайгашкан банктарда эсептери бар юридикалык жана жеке жактар;
- юридикалык жактар, эгерде алардын акционери (катышуучусу) оффшордук аймакта туруктуу жашаган жеке жак болсо;
- саясий партиялар, профсоюздар жана диний уюмдар;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган санкциялык тизмекке киргизилген юридикалык жана жеке жактар;
- терроризмге жана экстремизмге, баңги жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын, ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан жана эл аралык уюмдардан расмий каналдар боюнча алынган маалыматтардын негизинде аларга карата терс маалыматтар болгон юридикалык жана жеке жактар;
- соттуулугу жоюлбаган адамдар, анын ичинде башка мамлекеттерде;
- өздөрүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими бар адамдар.";
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдары ыйгарым укуктуу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
Талапкерлиги макулдашууга жаткан виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- директорлор кеңешинин жетекчиси жана мүчөлөрү (бар болсо);
- аткаруу органынын жетекчиси (аткаруу органынын функцияларын жеке өзү жүзөгө ашыруучу адам) жана мүчөлөрү;
- башкы бухгалтер же жалгыз бухгалтер;
- ыйгарым укуктуу кызматкер же тобокелдиктер жана комплаенс боюнча директор.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамы дайындалган (шайланган) күндөн тартып 45 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө өзүнүн кызмат ордун макулдашуусуз ээлөөгө укуктуу.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жана макулдашууга документтердин толук пакети берилбеген же макулдашуудан баш тартылган учурларда виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору бул адам менен эмгек келишимин бузууга, же эмгек келишими жок болгон учурда бул кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Виртуалдык активдерди алмашуу операторунун кызмат адамынын милдеттерин ушул пунктта белгиленген мөөнөттөн ашык макулдашуусуз аткарууга (убактылуу жок болгонду алмаштырууга) тыюу салынат.
Кызмат адамын макулдашуу үчүн виртуалдык активдерди алмашуу оператору ыйгарым укуктуу органга ар бир талапкерди макулдашуу жөнүндө катты (өзүнчө) төмөнкү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен берүүгө тийиш:
- талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечим;
- талапкердин өздүк күбөлүгү;
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкаттын түп нускасы;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча талапкердин анкетасынын түп нускасын.
Эгерде кызмат адамынын талапкерлигин бекитүү үчүн документтер "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында бар болсо, анда аларды ыйгарым укуктуу органга берүү талап кылынбайт.
Макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызмат адамдарынын курамы өзгөргөндө виртуалдык активдерди алмашуу оператору жаңы кызмат адамы шайланган (дайындалган) күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүү берүүгө милдеттүү. Жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө кат ыйгарым укуктуу органга шайланган (дайындалган) күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жогоруда саналып өткөн документтерди тиркөө менен берилет.
Анкетанын пункттарында камтылган маалыматтар өзгөргөндө макулдашуудан өткөн кызмат адамдары бул тууралуу өзгөртүүлөрдөн кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга (жазуу жүзүндө) кабарлоого милдеттүү.
Кызмат адамын макулдашууга документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
Виртуалдык активдерди алмашуу операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүү үчүн берилген документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык документтердин толук пакети тапшырылган датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
- кызмат адамдарынын "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келбөөсү;
- виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору эскертүүлөрдү четтетпесе же сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору документтерди кароонун ушул пунктунда белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берсе;
- ушул пунктта белгиленген мөөнөттүн ичинде өз кызмат ордун макулдашуусуз ээлей ала турган кызмат адамы ошол мөөнөт өткөндөн кийин документтерди берсе.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) берилген макулдук төмөнкүдөй негиздер боюнча чакырылып алынат:
- макулдук берүүгө негиз болгон маалыматтардын анык эмес экендиги аныкталса;
- тиешелүү кызмат ордун (акыркы 12 календардык айдын ичинде) ээлеген кызмат адамына жана/же виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна ыйгарым укуктуу орган таасир этүү чараларын системалуу түрдө (акыркы 12 календардык айдын ичинде 3 (үч) жана андан көп жолу) колдонсо;
- соттуулугунун жоюлбагандыгы.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдук чакыртылып алынган учурда, виртуалдык активдердин тооругунун оператору ошол адам менен чакыртып алуу алынган күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндөн кечиктирбестен эмгек келишимин бузууга милдеттүү. Эгерде эмгек келишими жок болсо, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору бул кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүшү керек.";
- 7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ушул Жободо жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, кайсы болбосун жеке жана юридикалык жактардын (Кыргыз Республикасынын резиденттери да, резидент эместери да) атынан чыгуусу мүмкүн болгон кардарлар менен мамилелерди түзүүгө укуктуу.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кардарлар менен болгон мамилелери келишимдик негизде жана/же ачык оферта аркылуу түзүлөт.
Кардарлар менен болгон мамилелер ал аркылуу түзүлгөн келишимдерде жана/же ачык офертада виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ушул Жободо, "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган шарттарды эске алууга милдеттүү.
Кардардын ачык офертаны кабыл алуусу толук жана шартсыз болууга тийиш. Ачык офертаны алган кардардын анын акцепти үчүн белгиленген мөөнөттө анда көрсөтүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу боюнча иш-аракеттерди жасоосу, эгерде жарандык укук жаатындагы мыйзамдарда башка каралбаса же ачык офертада көрсөтүлбөсө акцепт деп эсептелет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1. Кардар менен мамилелерди түзүү үчүн виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кардардын идентификациялык маалыматтарын идентификациялоону же аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону же аралыктан верификациялоону жүргүзүүгө милдеттүү.
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) (AML) каршы аракеттенүү боюнча чараларды сактоонун алкагында юридикалык жана жеке жактардын виртуалдык активдер боюнча транзакцияларына жүргүзүлгөн бардык текшерүүлөр милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган маалыматтык система (программалык камсыздоо) аркылуу өтүүгө тийиш.";
- 10-12-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Акча каражаттарына же электрондук акчага виртуалдык активдерди аларга сатуу боюнча бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын жарандары менен жасаганга чейин же бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштыруу боюнча виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору мындай бүтүмдөрдү жасоо үчүн алардын жетиштүү билим деңгээли (компетенттүүлүгү) бар экендигине ынанууга милдеттүү. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору аларды мындай билим деңгээлине (компетенттүүлүгү) ээ эмес деп өзү аныктаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен аталган бүтүмдөрдү жасоого укугу жок.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жасоо үчүн билим деңгээлин (компетенттүүлүгүн) аныктоо Кыргыз Республикасынын жарандарына толтуруу (чечүү) үчүн суроолорду (тестти) берүү аркылуу виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан жүргүзүлөт.
Суроолор (тест) жана ага өзгөртүүлөр/толуктоолор ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу орган тиешелүү кабарламаны алгандан кийин алынган суроолорду (тестти) талдайт жана сын-пикирлер/сунуштар болгон учурда кабарлама катталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна суроолорду (тестти) иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардарга виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жүргүзүүдөгү тобокелдиктер жөнүндө маалымдоого тийиш.
11. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча документтердин, анын ичинде кардарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо боюнча документтердин, кардардын тиешелүү анкеталарынын, ал эми кардар юридикалык жак болсо келишимдин, уюштуруу документтеринин, каттоо жөнүндө күбөлүктүн, ошондой эле ушул Жобонун 10-пунктунда каралган билим деңгээлин (компетенттүүлүгүн) аныктоонун жүрүшүндө алынган документтердин мындай документтер алынган датадан тартып 5 (беш) жылдан кем эмес сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
12. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору Кыргыз Республикасынын резидент эместери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары алар менен мамилелерди түзүү үчүн (анын ичинде финансылык абалына жана беделине коюлуучу талаптар) шайкеш келүүгө тийиш болгон критерийлерди аныктоого укуктуу.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан белгиленген критерийлер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.";
- 13-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- акча каражаттарына же электрондук акчага виртуалдык активдерди сатып алууга жана (же) сатууга же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштырууга карата кардарлардын өтүнмөлөрүнүн өз убагында аткарылышын ушул Жобого ылайык камсыз кылууга (мындай өтүнмөлөрдү аткаруу мүмкүнчүлүктөрү бар болсо);";
- 15-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде жарнамада мурдагы натыйжалар, болжолдонгон натыйжалар же болжолдонгон күтүлгөн натыйжалар жөнүндө маалымат камтылса, ал так болууга жана мындай маалыматтардын мааниси, бул окуялар болгон убакыт жана аларга негизделген тыянактардын ыктымалдуулук даражасы жарнама жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен бир жактуу мааниде ачылууга тийиш;";
- 16-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунда ишенимдүүлүгү аудитордук уюм тарабынан ырасталган акыркы аяктаган финансылык жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун тиешелүү маалыматтары болсо виртуалдык активдерди пайдаланууга же виртуалдык активдердин өзүнө байланышкан иштин натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) жөнүндө маалыматтарды жарнамада пайдаланууга жол берилет.";
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жарнамада төмөнкүлөрдү пайдаланууга тыюу салынат:";
- 21-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"21. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору өзүнүн атынан жана өз кызыкчылыгында адистештирилген платформаны (өзүн-өзү тейлөө режиминде иштеген маалыматтык системаларды жана (же) программалык-техникалык комплекстерди) пайдалануу аркылуу виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасайт. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун атайын платформасына карата операциялык талаптар ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо үчүн оферталар болуп саналган виртуалдык активдерди акча каражаттарына же электрондук акчага сатып алуу жана (же) сатуу же болбосо виртуалдык активдердин бир түрүн виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу өтүнмөлөрүн кардарлардан алат.
Өтүнмөлөрдүн мазмунуна коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүгө тийиш жана аларды кабыл алуунун, аткаруунун жана эсептердин шарттары так аныкталган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ички документтери менен аныкталат. Аталган талаптарга жооп берген өтүнмөнү аткаруу мүмкүнчүлүгү болсо, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору аны кабыл алууга жана аткарууга милдеттүү.
Өтүнмөнү аткаруу виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан ал алынгандан кийин жана кардар тиешелүү өтүнмөнү жиберген күнү кардарга билдирилген баа боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ошол учур келген убакытты мүнөтүнө чейинки тактык менен белгилөөгө жана виртуалдык активди сатып алуу, сатуу жана/же алмаштыруу датасын, убактысын, курсун, бүтүмдүн суммасын жана көлөмүн белгилөөнү караган электрондук кабарламаны жана/же документти кардарга жөнөтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.";
- 23-пункт "электрондук билдирүүнү" деген сөздөрдөн кийин "же башка ырастоочу документти" деген сөздөр менен толукталсын;
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлоруна төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- эгерде мындай капчыктардын ээлери/кармоочулары тиешелүү түрдө идентификацияланбаса, купуялуулугу жогорулатылган (Private Wallets) виртуалдык активдердин капчыктарын иште колдонууга;
- купуялуулугу жогорулатылган (Private Coins) виртуалдык активдерди жана уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ (NFT) токендерди иште колдонууга;
- чет өлкөлүк финансылык мекемелер тарабынан чыгарылган алдын ала төлөнгөн карталарды иште колдонууга;
- виртуалдык активдерди онлайн-казино даректерине которууга;
- эгерде мындай системалардагы/платформалардагы капчыктардын ээлери/кармоочулары тиешелүү түрдө идентификацияланбаса, виртуалдык активдерди борбордон ажыратылган системаларга (DeFi, DEX) өткөрүп берүүгө.
Пайдаланууга тыюу салынган виртуалдык активдердин тизмеси ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана ыйгарым укуктуу органдын интернет-сайтына жарыяланат. Өзгөчө учурлар виртуалдык активдерди алмаштыруучу өзүнчө оператор тарабынан экинчисинин суроо-талабы боюнча жана мындай виртуалдык активдердин ээлерин идентификациялоонун деталдуу процессин жана мындай виртуалдык активдерге байланышкан операцияларды контролдоо/мониторинг жүргүзүү системасын сунуштоо шартында жактырылышы мүмкүн.";
- 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу боюнча кызматтарды көрсөтүүдө виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору накталай эмес төлөмдөрдү гана колдоно алат.";
- 26-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Акча каражаттарын, электрондук акчаны же виртуалдык активдерди (виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөрдүн түрүнө жараша) виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна берүү милдетин кардар аткаргандан кийин гана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кардарга акча каражаттарын, электрондук акчаны же виртуалдык активдерди берүү милдетин аткаруусу тараптар тарабынан макулдашылган учурда, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардардан алынган акча каражаттарына, электрондук акчага же виртуалдык активдерге дайындалышын идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн (башкача айтканда виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна кардар берген ошол акча каражаттарынын, электрондук акчанын же виртуалдык активдердин алкагында өтүнмөнү бир маанилүү аныктоо мүмкүнчүлүгүн) камсыз кылууга милдеттүү.";
- 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын резиденттерине - жеке жана юридикалык жактарга виртуалдык активдерди алмаштыруунун лицензиясы жок операторлору аркылуу виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлоруна өз ишинде крипто-банкоматтарды (фиат каражаттарын жана виртуалдык активдерди алмаштыруунун автоматташтырылган системалары) колдонууга уруксат берилет.
Крипто-банкоматтарды идентификацияланган колдонуучулар гана колдоно алат. Колдонуучуларды идентификациялоо террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына, ошондой эле виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык колдонуучуларды идентификациялоо процессинде алынган маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору крипто-банкоматтарга уруксатсыз кирүү мүмкүнчүлүгүн жана аларды белгисиз адамдардын пайдалануусун алдын алуучу техникалык жана уюштуруучулук коргоо чараларын кароого милдеттүү.";
- 28-пункттагы "400000" деген цифралар "1000000" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан жүзөгө ашырылуучу виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүсү катары иштөөгө лицензия алуу үчүн юридикалык жак ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик же расмий тилдерде бир нускада төмөнкү документтерди/маалыматтарды берет:
1) юридикалык жактын аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, анын турган жерин (почта дарегин), электрондук почтасынын дарегин, банк мекемесинин аталышын жана банк мекемесиндеги депозиттик жана/же алыш-бериш эсебинин номерин көрсөтүү менен лицензия берүү жөнүндө арыз;
2) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин (устав жана уюштуруу келишими (эгерде бирден ашык уюштуруучу болсо); юридикалык жакты түзүү жөнүндө, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, директорлор кеңешин (болсо) жана башкаруунун аткаруучу органдарын шайлоо жөнүндө чечимдердин) нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) юридикалык жактын катышуучулары/акционерлери/уюштуруучулары - жеке жактар жана бенефициардык ээлери боюнча документтер/маалыматтар (юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээлерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү юридикалык жактын менчигинин түзүмүнүн схемалык чагылдырылышы; юридикалык жактын капиталындагы акциялардын/үлүштөрдүн беш жана андан ашык пайызынын ээлери жөнүндө, мындай адамдардын идентификациялык маалыматтарын, ар бир мындай катышуучу/акционер/уюштуруучу ээ болгон акциялардын/капиталдагы үлүштөрдүн санын жана пайызын камтыган маалыматтар; паспорттун көчүрмөсү (резидент үчүн ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эмес үчүн - чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсү); Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган форма боюнча салыктарды төлөө боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациялардын көчүрмөсү (резидент эмес - жеке жак келип чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушуга окшош документтерди берүүсү зарыл); соттолбогондугу жөнүндө маалымкат);
4) юридикалык жактын кызмат адамдарынын документтери (паспорттун көчүрмөсү (резидент үчүн ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эмес үчүн - чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсү); Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган форма боюнча салыктарды төлөө боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациялардын көчүрмөсү (резидент эмес - жеке жак келип чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушуга окшош документтерди берүүсү зарыл); соттолбогондугу жөнүндө маалымкат; билимин, алган дипломдорун, ал өткөн кесиптик даярдыктын тиешелүү курстарын, кесиптик тажрыйбасын көрсөтүү менен учурдагы өмүр баяны, анын ичинде атап айтканда, ал иштеген бардык уюмдардын аталыштары, ээлеген кызмат орундарынын мүнөзү жана узактыгы, ишкердик бедели);
5) ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча юридикалык жактын катышуучулары/акционерлери/уюштуруучулары, кызмат адамдары жана бенефициардык ээлери тарабынан толтурулган жана кол коюлган анкеталар же кийин түп нускасын берүү менен толтурулган анкеталардын сканерленген көчүрмөлөрү;
6) корпоративдик башкарууга жана менеджментке байланышкан, ички башкаруу саясатын; ички контролдоо саясатын; уюштуруу/функционалдык схемасын; тобокелдиктерди башкаруу саясатын; тобокелдиктердин жалпы матрицасын; ички саясаттын/жол-жоболордун реестрин; өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда иш-аракеттердин тартибин; окутуу боюнча колдонмону жана материалдарды; агенттер аркылуу өткөн акча каражаттарынын кыймылынын тартибин; террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга катышкан адамдардын эл аралык жана улуттук тизмектери боюнча кардарларды текшерүү боюнча жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымдамаларын башкаруу механизмдеринин деталдуу сыпаттамасы; виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун эрежелерин баяндаган юридикалык жактын ички документтеринин/саясатынын/жол-жоболорунун көчүрмөлөрү (документтер көктөлүүгө, номери коюлууга, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш);
7) юридикалык жактын финансылык маселелерине байланышкан документтер/маалыматтар (операциялык иш-аракеттердин программасы/планы; виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө максаттарды аныктоону, кеминде 3 (үч) жылга бул кызматтарды берүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептөөлөрүн камтыган бизнес-план (техникалык-экономикалык негиздеме); юридикалык жак берген ар бир кызмат үчүн блок-схема (кардарларга/колдонуучуларга конкреттүү кызматтарды берүүдө пайда болгон кадамдардын/процесстердин ырааттуулугун визуалдаштырган схема); ишти үзгүлтүксүз камсыз кылуу саясаты жана планы; виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды берүү үчүн кардарлардын жана өзүнүн агенттеринин акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн банкта алыш-бериш эсебин ачуу келишиминин көчүрмөсү, ошондой эле юридикалык жактын чарбалык иши үчүн өзүнчө эсеп; ушул Жобого ылайык уставдык капитал катары акча каражаттарын салууну ырастоочу документ; акыркы отчеттук датага карата салык органдарына берилген, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн финансылык отчеттуулук);
8) юридикалык жактын ресурстары жөнүндө маалыматтар/документтер (пландалган ишке бөлүнгөн кадрдык жана техникалык ресурстардын сыпаттамасы; иштин ар бир түрү боюнча кадрдык жана техникалык болжол; серверлерде жайгашкан платформаны орнотуу жана өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүү актысы, алардын бири (негизги сервер) Кыргыз Республикасынын аймагында, ал эми экинчиси (запастык сервер) программалык камсыздоону коргоо жана киберчабуулдардан коргоо максатында - чет мамлекеттин аймагында болууга тийиш);
9) террористтик ишти каржылоого жана юридикалык жактын кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү системасы боюнча документтер/маалыматтар (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча колдонмо; кардарлардын тийиштүү сактыгы, аларды идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарларды кабыл алуу саясаты; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарларга жана транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жол-жоболору; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында окутуу боюнча колдонмо; террористтик ишти каржылоого жана легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында кызмат көрсөтүүчүлөр менен макулдашуулар; террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктеринин матрицасы; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышкан тобокелдиктерди баалоо инструменттеринин функционалдык мүмкүнчүлүктөрү; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча инструменттерде ишке ашырылуучу сценарийлер; террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө эскертүүлөрдүн көлөмү жана тобокелдиктин деңгээли боюнча классификацияланган кардарлардын саны);
10) юридикалык жактын киберкоопсуздук жана маалыматтык технологиялар саясаты боюнча документтери (маалыматтык коопсуздукту (киберкоопсуздукту) камсыз кылуу тартибин жөнгө салуучу жол-жоболор - коопсуздукту камсыз кылуучу уюмдун сыпаттамасы; маалыматтарды (ички жана тышкы) иштеп чыгуу саясаты, киберкоопсуздук саясаты; кибертобокелдиктерди баалоо жана каттоо жол-жоболору; криптокапчыктарды башкаруу жол-жоболору; кардарлардын жеке маалыматтарын иштетүү тартиби);
11) юридикалык жактын кардарларынын документтери боюнча маалыматтар/документтер (жалпы жоболор жана шарттар; доо иштерин жүргүзүү тартиби; кардарлардын/инвесторлордун укуктарын коргоо саясаты; кардарлар үчүн баа саясаты; кардарларга акча каражаттарын кайтаруу тартиби);
12) эгерде юридикалык жактын атынан өкүл ишеним кат боюнча чыккан учурда уюштуруу документтерине ылайык жетекчи же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган, мөөр басылган, лицензия алуу үчүн өкүлгө берилген ишеним кат;
13) юридикалык жактын ишкердик бедели жөнүндө маалыматтар;
14) лицензия үчүн мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
Бардык документтерге жетекчинин колу коюлууга тийиш, ал эми электрондук документ түрүндө берилсе санарип кол тамга менен ырасталат.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору лицензия алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга берилген маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле ыйгарым укуктуу органга маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө өз убагында кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын административдик укук жаатындагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.";
- 8-глава төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
"35-1. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору лицензияны кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган, лицензия берүүгө арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү. Кабарлама өзгөртүүлөр пайда болгондон кийин 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен бул өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын берүү менен) менен бирге жазуу жүзүндө берилет. Ыйгарым укуктуу орган кабарлама келип түшкөн датадан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.";
- 37-пункттун биринчи абзацы "квартал сайын" деген сөздөрдөн кийин ", отчеттук мезгил аяктаган датадан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 38-пункт менен толукталсын:
"38. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жаатындагы мыйзамдарына жана аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагында Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген аудитордук уюм гана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун тышкы аудитору боло алат.
Финансылык жылдын аягында виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кеч эмес мөөнөттө виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун тышкы аудитин жүргүзүүнү камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органга жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз беш күндөн кеч эмес мөөнөттө финансылык отчеттуулук менен бирге аудитордун корутундусунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун жетекчилигине аудитордун катын берүүгө.";
- жогоруда аталган Жобонун тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Жобо ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү тартибинде:
- 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын:
"11-1. Арыз ээси лицензия алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга берилген маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле маалыматтардагы өзгөртүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу органга өз убагында кабарлоо үчүн административдик укук жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.";
- 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:
"21-1. Майнерлер сертификатты кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган, сертификат берүүгө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү. Кабарлама өзгөртүүлөр пайда болгондон кийин 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен бул өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын берүү менен) менен бирге жазуу жүзүндө берилет. Ыйгарым укуктуу орган кабарлама келип түшкөн датадан тартып 3 жумуш күндүн ичинде Майнерлердин электрондук реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-глава менен толукталсын:
"9. Эсеп жана отчеттуулук
25. Майнерлер ай сайын ыйгарым укуктуу органга оперативдүү отчеттуулукту берүүгө милдеттүү. Отчеттуулуктун формасы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
26. Майнерлер квартал сайын, отчеттук квартал аяктагандан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого 1-тиркеме |
Формасы
Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө ЧЕЧИМ
Эмитенттин толук аталышы/эмитенттин аты-жөнү ___________________________________________
______________________________________________________________________________________
Эмитенттин жайгашкан жери/жашаган жери:
______________________________________________________________________________________
Байланыш телефондору: ________________________________________________________________
Мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар: ________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн)
Бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар: _______________________________________________
______________________________________________________________________________________
(юридикалык жактар үчүн)
Виртуалдык активдерди чыгарган эмитенттин интернет сайты жөнүндө маалыматтар:
______________________________________________________________________________________
Эмитенттин аты-жөнү: __________________________________________________________________
(жеке жак үчүн)
колу ___________________________ 20___-ж. "___" _______________
Эмитенттин жетекчисинин кызмат ордунун аталышы: ________________________________________
______________________________________________________________________________________
(юридикалык жактар үчүн)
(колу) (аты-жөнү)
(мөөрү)
Күрөөнү башкаруучунун жетекчисинин кызмат ордунун аталышы:
______________________________________________________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
(мөөрү)
Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимге киргизилүүчү маалыматтар:
1. Виртуалдык активдердин түрү.
2. Ар бир чыгарылган виртуалдык активдин номиналдык наркы.
3. Ушул чыгарылыштагы виртуалдык активдердин саны.
4. Ар бир чыгарылган виртуалдык активдин ээлеринин укуктарынын түрү жана көлөмү.
5. Чыгарылган виртуалдык активдерди жайгаштыруунун шарттары жана тартиби:
- виртуалдык активдерди жайгаштыруу мөөнөтү;
- виртуалдык активдерди сатып алуу жөнүндө келишимдерди түзүү жолу менен аларды жайгаштыруу башталган дата;
- виртуалдык активдерди жайгаштыруу аяктаган дата.
6. Виртуалдык активдерди жайгаштыруу мөөнөтү виртуалдык активдерди чыгаруу тууралуу кандайдыр бир маалыматтарды ачып берүү датасын көрсөтүү менен аныкталат.
7. Виртуалдык активдерди жайгаштыруунун баасы (баалары) же бааларды аныктоонун тартиби.
8. Виртуалдык активдерди төлөөнүн шарттары жана тартиби.
9. Ушул сунуштун алкагында жайгаштыруу болжолдонуп жаткан жана виртуалдык активдерди чыгаруу болуп өттү деп таануу үчүн эмитентке керек болгон виртуалдык активдердин минималдуу саны, ошондой эле чыгаруу болгон жок деп таанылган учурда виртуалдык активдерди төлөөгө берилген каражаттарды кайтаруу тартиби.
10. Блокчейндин аталышы.
11. Виртуалдык активдердин эмитентинин капчыгынын жана смарт-контракттын дареги.
12. Виртуалдык активдерди чыгарууну камсыздоого жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркы жөнүндө маалымат.
13. Күрөөнү башкаруучу жөнүндө маалымат.
14. Эмитенттин виртуалдык активдердин ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин төлөө үчүн күрөөлүк камсыздоону өндүрүп алууга кайрылуу шарттары.
15. Виртуалдык активдерди жайгаштыруунун башка шарттары.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого тууралуу 2-тиркеме |
Форма
Ак кагаздын титулдук барагы (white paper)
Катталган: 20__-ж. "___" __________
Мамлекеттик каттоо номери _____________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(каттоочу орган)
______________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу адамдын колу)
М.О.
Виртуалдык активдерди чыгаруучу ак кагаз (white paper)
______________________________________________________________________________________
(эмитенттин толук фирмалык аталышы/эмитенттин аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________
(эмитенттин жайгашкан жери, байланыш телефону)
20___-ж. "___" _____________
Ушул ак кагазда (white paper) камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылууга жатат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул ак кагазда (white paper) камтылган маалыматтардын аныктыгы жана аны каттоо үчүн жооп бербейт, жайгаштырылган виртуалдык активдерге карата өзүнүн мамилесин билдирбейт.
Бардык берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн эмитент өзү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
Эмитенттин виртуалдык активдерине каражаттарды салуу жөнүндө чечимди кабыл алып жатып, сиз ошол виртуалдык активдерге ээлик кылуу менен байланышкан жагымдуу жагдайлар жана тобокелдиктер жөнүндө өзүңүздүн пикириңизге таянышыңыз керек.
Ак кагазда (white paper) кеминде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1. Ак кагаз түзүлгөн күн (white paper).
2. Долбоордун кыскача резюмеси, колдонуудагы иштелмелер жана максаттар.
3. Эмитенттин виртуалдык активдери жөнүндө маалыматтар:
- азыркы учурга карата чыгарылган эмитенттин бардык виртуалдык активдери;
- ачык сунушталган виртуалдык активдердин түрү;
- виртуалдык активдердин номиналдык наркы;
- ачык сунуштоого болжолдонгон виртуалдык активдердин саны;
- блокчейндин аталышы, виртуалдык активдердин эмитентинин капчыгынын жана смарт-контаркттын дареги;
- аларды сатуу ушул ачык сунуштоонун алкагында болжолдонуп жаткан, виртуалдык активдерди ачык сунуштоону ишке ашты деп таануу үчүн виртуалдык активдердин эмитентке керектүү болгон минималдуу саны;
- ачык сунуштоодо виртуалдык активдердин баасы (бааны аныктоонун тартиби);
- виртуалдык активдерди ачык сунуштоону жүзөгө ашыруунун шарттары жана мөөнөттөрү;
- сунушталып жаткан виртуалдык активдер мурда чыгарылганбы же болбосо жайгаштырууга сунушталганбы көрсөтүү;
- виртуалдык активдерди төлөөнүн, виртуалдык активдер боюнча кирешелерди алуунун ыкмалары, ошондой эле виртуалдык активдерди төлөөнүн тартиби (виртуалдык активдердин эмитентинин тиешелүү чечими бар болсо);
- ачык жайгаштырылган виртуалдык активдерди сатып алууга артыкчылык укуктардын болушу, жайгаштырылган виртуалдык активдерди сатып алууга жана жүгүртүүгө бардык чектөөлөр (артыкчылык укуктары же чектөөлөр болгон учурда);
- виртуалдык активдерди ачык сунуштоону уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтар;
- анын каражаттары боюнча виртуалдык активдери сатуу болжолдонуп жаткан виртуалдык активдердин тооругунун оператору жөнүндө маалыматтар;
- виртуалдык активдердин тооругунун операторунун листингине эмитентти киргизүү жөнүндө көрсөтмө;
- эксперттин (эксперттик уюмдун) корутундусу, ал эмитент кошумча экспертти (эксперттик уюмду) тарткан учурда ак кагазда (white paper) жазылууга тийиш жана/же ак кагазга (white paper) шилтеме берилет;
- виртуалдык активдерди ачык сунуштоо ишке ашкан жок деп таанылган учурда виртуалдык активдерди төлөөгө алынган каражаттарды кайтарып берүүнүн тартиби;
- виртуалдык активдердин чыгарылышынын камсыздоосуна жана күрөөсүнө коюлган мүлктүн наркы жөнүндө маалыматтар;
- күрөөнү башкаруучу жөнүндө маалыматтар;
- эмитенттин виртуалдык активдердин ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин жабуу үчүн күрөөлүк камсыздоону өндүрүп алуу шарттары.
4. Рыноктун параметрлери (рыноктун, потенциалдуу аудиториянын эсептери).
5. Маршруттук карта, анда долбоорду өнүктүрүүнүн мөөнөттөрү аныкталат.
6. Бизнес-план (техникалык-экономикалык негиздеме):
- виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө көздөлгөн максаттарды аныктоо;
- кеминде 3 (үч) жылга аталган кызматтарды көрсөтүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери;
- чыгымды актоонун потенциалдуу мөөнөтү;
- рентабелдүүлүк;
- долбоорду ишке ашыруу үчүн акча каражаттарынын булактары.
7. Эмитенттин виртуалдык активдерин сатып алуу менен байланышкан тобокелдиктер (эмитенттин виртуалдык активдеринин ээлери кабылуучу тобокелдик факторлоруна кеңири талдоо жүргүзүлөт).
8. Атаандаштык кылуучу чечимдер жана алардын алдындагы долбоордун артыкчылыгы.
9. Команданы, анын ичинде долбоорду илгерилетүүгө түрткү болгон кесипкөй көндүмдөргө ээ адамдарды сыпаттоо.
10. Иштеп чыгуу тарыхы, ЖМКда чагылдыруу.
11. Юридикалык маалыматтар:
11.1. Эмитент жөнүндө жалпы маалыматтар.
Эмитенттин толук фирмалык аталышы/эмитенттин аты-жөнү.
Эмитенттин кыскартылган аталышы (юридикалык жактар үчүн).
Эмитенттин аталышындагы жана уюштуруу-укуктук формасындагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар.
Эгерде эмитенттин болгон мезгил ичинде анын фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы алмаштырылса, анын мурдагы толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары, уюштуруу-укуктук формалары, ошондой эле алар өзгөртүлгөн күндөр (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүлөт.
Эмитентти мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалыматтар (жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн).
Мамлекеттик каттоо жөнүндө документтин (эмитентти мамлекеттик каттоону ырастоочу башка документтин) номери жана күнү, ошондой эле аны мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдын аталышы (жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн).
Эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору.
Эмитенттин чарбалык ишинин негизги түрү.
11.2. Эмитенттин кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн).
Эмитенттин башкаруу органдарынын түзүмү жана компетенциялары жөнүндө маалыматтар.
Эмитенттин башкаруу органдарынын курамына кирген адамдардын тизмеси, башкаруучу уюм жөнүндө маалымат, эмитенттин башкаруу органдарына кирген адамдардын, акциялардын/үлүштөрдүн ири пакеттеринин ээлеринин жана акциялардын/үлүштөрдүн уюштуруучуларынын/катышуучуларынын, контролдук пакеттеринин ээлеринин ортосундагы аффилирленген байланыштардын мүнөзү.
Кызмат адамдарына таандык болгон эмитенттин жана анын туунду жана көз каранды коомдорунун акцияларынын/үлүштөрүнүн саны.
11.3. Эмитенттин уюштуруучулары же катышуучулары жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн).
Акциялардын/үлүштөрдүн ири пакеттеринин ээлери жана акциялардын/үлүштөрдүн контролдук пакеттерине ээ болгон уюштуруучулар/катышуучулар жөнүндө маалыматтар.
Кызмат адамдары, акциялардын/үлүштөрдүн ири пакеттеринин ээлери алардын аффилирленген жактары кызыкдар болгон, акыркы аяктаган 3 финансылык жылда же эгерде эмитент өз ишин 3 жылдан аз жүргүзгөн болсо, ар бир аяктаган финансылык жылда, ошондой эле ак кагазды (white paper) түзгөн датага чейинки мезгилде эмитент түзгөн бүтүмдөр тууралуу маалыматтар.
12. Башка маалыматтар:
виртуалдык активдерди чыгаруунун жана (же) жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары.
Виртуалдык активдерди сатуучу негизги жерлер (жер).
Эмитент (жеке жактар үчүн): _____________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Жетекчи (юридикалык жактар үчүн): _______________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Башкы бухгалтер (юридикалык жактар үчүн): _______________________________________________
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
М.О.
Жетекчи (күрөөнү башкаруучу үчүн): ______________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу)
М.О.
20___-жылдын "___" _________________.".
|
| 3-тиркеме |
|
| "Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучусунун, бенефициардык ээсинин жана кызмат адамынын АНКЕТАСЫ (жеке жак тарабынан толтурулат)
1 | Аты-жөнү |
|
|
2 | Эгер фамилиясын алмаштырса: (мурдагы фамилиясы) | Качан: | Кайсы себептен улам: |
3 | Туулган датасы: | Туулган жери: | |
4 | Паспорт | Серия: | Номер: |
| Ким тарабынан берилген: | Берилген дата: |
|
5 | Жарандыгы: | ||
6 | Иш жүзүндө жашаган жери: моб. тел.: | ||
7 | Негизги жумуш орду: | Ээлеген кызмат орду: | |
8. Алыш-бериш жана башка эсептер ачылган банктардын аталышы жана жайгашкан жери:
_____________________________________________________________________________________
9. ИЖН: ______________________________________________________________________________
10. Акыркы 3 жыл ичинде сизге кылмыш (финансылык/экономикалык жана кылмыш-жаза) жасагандыгыңыз үчүн күнөө коюлган, анын ичинде иш токтотулган же күнөө алып салынган учурларды көрсөтүңүз (ооба/жок)
11. Өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими болсо көрсөтүңүз:
_____________________________________________________________________________________
12. Мен, _____________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
анкетада жогоруда берилген маалыматтар анык жана толук экендигин, менин билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматтарга ылайык берилгендигин ырастайм.
___________________________ колу ____-ж. "___" _____________
Эскертүү:
- анкетанын ар бир барагына кол коюу керек;
- анкетадагы оңдоолор "оңдоолор анык" деген сөздөр менен жана өз колу менен күбөлөндүрүлөт.".
|
| 4-тиркеме |
|
| "Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун, бенефициардык ээсинин АНКЕТАСЫ (юридикалык жак тарабынан толтурулат)
1. Юридикалык жактын аталышы _________________________________________________________
(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышын көрсөтүңүз)
2. Юридикалык дареги __________________________________________________________________
3. Түзүлгөн дата ____________________________________________________________________
4. ИСН __________________________________________________________________
5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган дата
______________________________________________________________________________________
(мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн №)
6. Алыш-бериш жана башка эсептер ачылган банктардын аталышы жана жайгашкан жери:
______________________________________________________________________________________
7. Юридикалык жактын оффшордук зонада туруктуу жашаган акционерлери (катышуучулары) - жеке жактар болсо көрсөтүңүз: _____________________________________________________________
8. Юридикалык жак финансылык иш боюнча кимдир бирөө менен соттук талаш-тартыштарга катышканбы, эгерде катышса - акыркы үч жылдагы соттук талаш-тартыштын деталдары (доочу, жоопкер, талаш-тартыштын предмети, соттук иш кайсы соттук инстанцияда каралууда, ишти кароо кайсы этапта турат) жөнүндө толук көрсөтүңүз ______________________________________________
______________________________________________________________________________________
9. Өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими болсо көрсөтүңүз: ____________________________________________________________________________
Юридикалык жактын жетекчисинин колу
Мөөр".