Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессисы
2024-жылдын 26-декабры № 16
“Cамаркандек айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин Жобосун кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө” №350 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону жетекчиликке алып Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу жаңы редакцияда, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району, Самаркандек айылы, И.Раззаков көчөсү, №8 болуп аныкталсын.
3. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага | Ш.Б.Гапаров |
Тиркеме
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III cессиясында №16 токтому менен 2024-жылдын 26-декабрында бекитилди.
Самаркандек айыл аймагынын
айылдык кенешинин
ЖОБОСУ
Баткен району, Самаркандек айылы
Баткен району, Самаркандек айылы
Самаркандек айыл аймагынын айылдык кенешинин жобосу
1. Жалпы жоболор
1. Айылдык кеңештин ушул жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
2. Айылдык кеңеш– өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде 21 айылдык кеңештин депутаттарынан турган Самаркандек айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
3. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңеши”;
- расмий тилде «Айылный кенеш Самаркандекского айылного аймака».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району, Самаркандек айылы, И.Раззаков көчөсү, №8.
4. Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Айылдык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
6. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
7. Айылдык кеңештин компетенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.
3. Айылдык кеңештин чечимдери
8. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
9. Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Айылдык кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4. Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
12. Айылдык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13. Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
14. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
15. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Айылдык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
______________________________________________________________
|
|