Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессисы
2024-жылдын 26-декабры № 20
Депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Самаркандек айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калктан түшүп жаткан талаптардын негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык соода базарында жана укук коргоо органдары тарабынан Самаркандек айыл өкмөтүнун муниципалдык менчигине өткөрүп берген мурдагы сельпонун соода базарында жүргүзүлүп жаткан жалпы ишмердүүлүгүн, соода жайларына болгон бааларын жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан акча каражаттарын изилдөө максатында төмөнкүдөй курамда айылдык кеңешинин депутаттык комиссиясы түзүлсүн:
- Газыбек уулу Асан- комиссиянын төрагасы;
- Джусупов Хабибилла- комиссиянын мүчөсү;
- Маматов Алимбек- комиссиянын мүчөсү;
- Исакова Айнура - комиссиянын мүчөсү;
- Эгемова Гүлнара - комиссиянын мүчөсү;
- Ашырбаев Азамат - комиссиянын мүчөсү;
- Саматова Махабат - комиссиянын мүчөсү;
2. Комиссиялык изилдөө мөөнөтү 4(төрт) жума болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага | Ш.Б.Гапаров |