Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессисы
2024-жылдын 26-декабры № 22
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдон түшкөн билдирүү катты талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан Самаркандек айылынын тургуну Токтосапарова Азиза Токтосапаровнага берилген аныктаманын негизинде (чыг. № 01-13/3181 27.09.2024-ж.) айыл чарба багытында өздөштүрүү үчүн Самаркандек айыл өкмөтүнүн №507 контурунда жайгашкан 0,17 га жайыт жер “айыл чарба багытындагы көп жылдык бак-дарактар жерлери” түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Ташполотов М.) тапшырылсын.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага | Ш.Б.Гапаров |