Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 8/I-29
Ысык-Ата айылдык Кенешинин Аялдар Кенешин түзүү жөнүндө
2023-жылдын 27-ноябрындагы Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 28-пунктусуна ылайык жана депутаттар: М.Сарыбаева сунушун угуп, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин Аялдар Кенеши түзүлсүн.
2. Ысык-Ата айылдык Кенешинин Аялдар Кенешинин курамы бекитилсин (Тиркеме №1).
3. Ысык-Ата айылдык Кенешинин Аялдар Кенешинин жобосу бекитилсин (Тиркеме №2).
4. Ысык-Ата айылдык Кенешинин Аялдар Кенешинин төрайымы- Бейшенбаева Гулжана Кычыметовна бекитилсин.
5. Ысык-Ата айылдык Кенешинин Аялдар Кенеши бир жылда бир өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун берип турсун.
Токтом бирдобуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |
|
| Ысык-Ата айылдык Кенешинин 29.11.2024ж. №№8/I-29 токтомуна №1 тиркеме |
Ысык-Ата айылдык Кенешинин Аялдар Кенешинин курамы:
1. Г.Бейшенбаева - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты,комиссиянын төрайымы;
2. Ж.Тентимишова -Ысык-Ата айылдык Кенешинин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;
3. А.Э.Алымкулова -Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү;
4. Р.Итибаева -Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
5. А.Керимбаева-Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
6. С.Айдаралиева-Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
7. Э.Бердиматова-Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
8. А.Рахматова-Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
9. А.Байсакова-Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
10. М.Сарыбаева-Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
11. А.Содобаева- медайым, комиссиянын мүчөсү;
12. Н.Бейшекеева- А.Сулайманов орто мектебинин директору;
13. Г.Элебесова –А.Мурзалиев орто мектебинин директору;
14. Г.Байтемирова-Ш.Рахманов орто мектебинин директору;
15. Н.Асанбаева –О.Жакишев орто мектебинин директору;
Төрага | Н. Ибраимов |
|
| БЕКИТИЛДИ: Ысык-Ата айылдык Кенешинин 29.11.2024ж. №8/I-29 токтому Төрагасы Н.Ибраимов_________ |
Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун,
Ысык-Ата районунун, Ысык-Ата айыл аймагынын Аялдар Кенешинин
ЖОБОСУ:
Аялдар кеңеши тиешелүү аймакта, ошондой эле бийликтин бардык деңгээлинде аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган айылдык, поселоктук, шаардык жергиликтүү жамааттардын коомдук органы болуп саналат.
Аялдар кеңеши өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, жергиликтүү жамааттардын уставын, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын Аялдар кеңеши жөнүндө ушулжобону (мындан ары - жобо) жана аялдар кеңешинин органдарынын чечимдерин жетекчиликке алат.
Аялдар кеңеши ушул жобонун негизинде жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда жактырылуучу өз алдынча башкаруунун өзгөчөлүктөрүн, маданий жана тиешелүү аймактын жергиликтүү жамааттардын башка үрп-адаттарын эске алуу менен айылдык, поселоктук, шаардык жергиликтүү жамааттардын Аялдар кеңеши жөнүндө жобону иштеп чыгууга укуктуу.
Аялдар кеңеши өз ишин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта ишке ашырат, мамлекеттик жана башка коомдук жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.
Аялдар кеңешинин статусу жергиликтүү кеңеште эсептик каттоо учурунан аныкталат. Аялдар кеңеши коммерциялык эмес уюмдар үчүн аныкталган тартипте юридикалык жактын статусун алууга укуктуу.
Аялдар кеңеши айылдык, поселоктук, шаардык тиешелүү аймактын жергиликтүү жамааттардын жалпы чогулушунда түзүлөт. Калкттуу конуштардын калкынын санын, ошондой эле географиялык жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын аймагында бир же андан көп Аялдар кеңешин түзүүгө мүмкүн.
Аялдар кеңешинин сапаттык жана сандык курамы жөнүндө чечимдер МСУнун уставына ылайык жалпы чогулушка келгендердин көптүк добушу менен кабыл алынат.
Аялдар кеңешинин мүчөсү болуп жергиликтүү жамааттардын жалпы чогулушунда 2 жылдан 5 жылга чейин кайра шайлоого мүмкүн болгон айылдык, поселоктук жана шаардык тиешелүү аймакта жашаган 18 жашка чыккан жак болуп саналат. Аялдар кеңешинин укуктук мөөнөтү ушулжобонун талаптарын эске алуу менен тиешелүү аймактын Аялдар кеңеши жөнүндө жободо аныкталат.
Жергиликтүү жамааттардын жалпы чогулушу жынысына, диний ишенимине, улутуна, билимине, социалдык статусуна ж.б.у.с. карабастан жашы жеткен бардык жарандардын эркин катышуу принцибинде жүргүзүлөт.
Жалпы чогулушта шайланган.Аялдар кеңешинин мүчөлөрү структураны аныктоо менен Аялдар кеңешинин аткаруу органын - Башкармалыкты көпчүлүк добуш менен шайлайт.
Аялдар кеңешинин чогулушу зарылчылыкка жараша, бирок кварталына бир жолкудан кем эмес өткөрүлүүгө тийиш. Аялдар кеңешинин чогулушун чакырууга Аялдар кеңешинин башкармалыгы же Аялдар кенешинин иштеген мүчөлөрүнүн демилгечи тобу, эгерде алардын саны Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн 3/1 кем эмес болгон учурда демилге кылууга укуктуу.
Жергиликтүү жамааттардын тургундарынын жалпы чогулушунун, Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн чогулушунун, Аялдар кеңешинин башкармалыгынын заседаниелеринин чечимдери протоколдор менен таризделет.
Протокол чогулуштун өткөрүү датасын жана жерин, күн тартибин, чогулуштун ишине катышкандардын санын камтууга милдеттуу. Кабыл алынган чечимдерге чогулуштун төрагасы жана Аялдар кеңешинин башкармалыгынын мүчөлөрү кол коюшат.
Жергиликтүү жамааттардын тургундарынын жалпы чогулушунда, Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн чогулушунда, Аялдар кеңешинин башкармалыгынын заседаниелеринде кабыл алынган чечимдер жөнүндө Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнө, жергиликтүү жамааттарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирилет.
Жалпы чогулуштардын ортосундагы мезгилде пайда болгон маселелер Аялдар кеңешинин башкармалыгынын заседаниелеринде каралат жана чечилет.
Аялдар кеңеши жылына бир жолкудан кем эмес жергиликтүү жамааттардын жалпы чогулушунда отчет берет.
Аялдар кеңеши региондук жана республикалык деңгээлде аялдарды көрсөтүү жана аялдардын кызыкчылыктарын коргоо максатында жергиликтүү (райондук жана облустук) жана улуттук ассоциацияларга (союздарга) биригүүгө укуктуу. Ассоциацияларды (союздарды) тузуу тартиби «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
Аялдар кеңеши өз иш аракетинде төмөнкүдөй принциптерди жетекчиликке алат:
- жергиликтуу жамааттардын алдында мыйзамдуулукту, отчеттуулукту, социалдык акыйкаттуулукту жана коомдук пикирди эске алууну;
- бирдей укуктарды, милдеттерди, мүмкүнчүлүктөрдү жана натыйжаларды, ошондой эле бардык деңгээлдеги башкаруу органдарында аялдардын тең катышуусун камсыз кылуу ишине берилүүнү:
• иш-аракеттин пландары жана натыйжалары жөнүндө эл арасында дискуссияларды уюштуруу жана маалымдоо аркылуу жергиликтүү жамааттар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу. мамлекеттик башкаруу органдары, мамлекеттик эмес сектордун уюмдары үчүн Аялдар кеңешинин иш аракетинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылууну;
Аялдар кецешинин иш-аракеттеринин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат;
- гендердик теңчиликтин концепциясы жана саясаты жөнүндө жергиликтүү жамааттарга маалымдоо, ачык дискуссияларды, билим берүү иш чаралдарды, маалыматтык кампанияларды уюштуруу аркылуу чечимдерди кабыл алууда бирдей катышуу;
- бардык деңгээлде аткаруу жана катышуу бийликтин органдарынын курамына аялдарды жылдыруу, төмөнкүлөр аркылуу аялдардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча иш аракеттерди демилге көтөрүү;
а) гендердик теңчиликке жетүү боюнча жергиликтүү бийликтердин саясатын талдоону камтыган бардык деңгээлдеги саясатка аялдарды жылдыруу боюнча иш-аракеттердин жергиликтүү планын иштеп чыгуу,
б) аялдардын лидерлиги боюнча окутуу программаларын уюштуруу, аялдардын башкаруу жөндөмдүүлүгүн сапаттарын өнүктүрүү,
в) жергиликтүү жамааттардын лидер-аялдары жөнүндө ачык маалымат базасын түзүү,
г) шайлоо процесстерине аялдарды тартуу,
д) шайлоолордо аялдарды чыгарууга көмөктөшүү жана шайлоочулардын ортосунда талапкер-аялдарды колдоо.
е) гендердик аспектилерди эске алган ар тараптуу аялдардын катышуусун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана жергиликтүү деңгээлде аларды ишке ашырууга байкоо жүргүзүү;
- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алууда гендердик теңчиликтин принциптерин сактоо боюнча мониторинг жүргүзүү; мониторингдин натыйжаларынын негизинде сунуштарды иштеп чыгуу жана алдыга жылдыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка багыттар боюнча иш-аракет жүргүзүү.
Аялдар кеңешинин мүчөлөрү максаттарды ишке ашыруу жана иш-аракетти жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештердин сессияларына катышууга;
б) Өз иш-аракетинде жергиликтүү бийликтер кабыл алган чечимдер жөнүндө маалыматты алууга, пайдаланууга жана таркатууга. Талаптанган маалымат берилбеген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген тартипте тиешелүү органдарда мындай иш аракетке даттанууга:
в) мониторинг, жергиликтүү бийлик органдары кабыл алган чечимдерге гендердик экспертиза жүргүзүүгө, жергиликтүү жамааттарда жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжалары боюнча отчетторду даярдоого жана таркатууга жана абалды жакшыртуу максатында жергиликтүү жамааттардын жалпы чогулушуна сунуштарды берүүгө;
г) жергиликтүү маанидеги жана гендердик теңчилик саясатын жүргүзүү маселелери боюнча мыйзам чыгаруу базаны өркүндөтүүдө сунуштарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кароосуна киргизүүгө,
д) сунуштарды даярдоого жана Аялдар кеңешине тиешелүү маселелер боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарына, ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге кайрылууга;
в) эмгек жана коомдук иши боюнча өзгөчө жетишкендиктерге жеткен аялдарды мамлекеттик сыйлык, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдарынын сыйлыктарына көрсөтүү маселелери боюнча тиешелүү органдарга өтүнүч менен кайрылууга;
ж) Аялдар кеңешинин иш аракет программасын, финансылык планды бекитүүгө, Аялдар кеңешинин бардык мүчөлөрүнө маалымдоо жана Аялдар кеңешинин жалпы чогулушунун сөзсүз жактыруусу менен өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүүгө:
з) жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган ишкер жана башка долбоорлордун социалдык маанилуулугун аныктоо үчүн тиешелүү аймакта жүргүзүлгөн коомдук жарандык экспертизага катышууга;
и) ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарга,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы чогулуш, тиешелүү аймактын тургундары, жергиликтүү өз алдынча жана мамлекеттик башкаруу органдарынын алдында өз иш аракетинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат.
Аялдар кеңешинин финансылык каражаттарын жана мүлкүн Аялдар кеңешинин чарбакер демилгесинин эсебинен алынган каражаттар түзөт, Аялдар кеңешин каржылоонун кошумча булактары болуп алар сатыпалган каражаттар жана мүлк, жергиликтүү өз алдынча жана мамлекеттик башкаруу органдары же башка юридикалык жактар тарабынан менчиктикке өткөрүп берилген финансылык жана материалдык каражаттар: жергиликтүү жамааттардан, юридикалык жана жеке жактардан, коомдук бирикмелерден, эл арапык уюмдардан түшкөн өз ыктыярдуу взностор жана жардамдар катары түшкөн каражаттар эсептелет. Тиешелүү аймактын Аялдар кеңешинин менчиги болуп саналат жана тургундардын арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш эмес.
Финансылык каражаттарды жана мүлктү пайдаланууну Аялдар кеңешинин башкармалыгы жүргүзөт. Аялдар кеңешинин башкармалыгы жыл сайын жергиликтүү жамааттардын жалпы чогулушунун кароосуна жана бекитүүсүнө финансылык-материалдык ресурстарды пайдалануу жөнүндө сметаны киргизет жана отчет берет.
Жергиликтүү кеңештер жана алардын аткаруучу-бөлүштүрүүчү органдары, ошондой эле жергиликтүү жамааттар Аялдар кеңешинин финансылык жана мүлктүк милдеттери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Аялдар кеңеши, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү жамааттардын органдарынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
Тиешелүү жергиликтүү органдар аялдар кеңешинин финансылык-материалдык турукташтыруусуна жана өнүгүүсүнө жана келишим негизинде “Кыргыз Реслубликасында гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууда көмөктөшөт.
Аялдар кеңешинин иш аракетин токтотуу тиешелүү аймактын жергиликтүү жамааттардын жалпы чогулушунун чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жүргүзүлөт.
Аялдар кеңешин жоюуда, кайра түзүүдө анын финансылык ресурстары жана мүлкү жергиликтүү жамааттардын жалпы чогулушунда аныкталган максаттарды ишке ашыруу үчүн өткөрүлүп берилет.
Аялдар Кенешинин төрайымы | Г.Бейшенбаева |