Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылынын 28-ноябры №1-2
« Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 40-беренесине, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентинин 3-бөлүмүнө ылайык жана Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 28-ноябрь 2024-жылдагы №2 протоколун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагалыгына добушка коюлган талапкерлердин ичинен жалпы депутатардын көпчүлүк добушун алган Алимов Асанкалый Рысбекович Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасы, улуу депутат: |
Б.Омурзакова. |