Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессисы
2024-жылдын 26-декабры № 24
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдон түшкөн билдирүү катты талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан Самаркандек айыл өкмөтүнун тургуну Таштанов Махмутжан Назирбаевичке берилген аныктаманын негизинде (чыг.№01-13/3787 20.12.2024-ж.) Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылында №393 контурунда жайгашкан 0,03 га жайыт жер тейлөө чекитин куруу үчүн “калктуу конуштун жерлери” багытына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Ташполотов М.) тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага | Ш.Б.Гапаров |