Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессисы
2024-жылдын 26-декабры № 29
“Баткен облусунун футбол ассоциациясы” коомдук бирикмесине мүчөлүк взносту кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 20-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандык адеп-ахлак, дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгын негиздеп, Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Самаркандек айыл өкмөтүнүн калкынын ар кандай катмарын футбол менен машыгууга массалык тартуу үчн жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн жаш өспүрүмдөр командасын футболдук лигага каттатуу үчун “Баткен облусунун футбол ассоциацисы” коомдук бирикмесине 22,0 миң сом акча каражаты которулуусуна макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелеры боюнча туруктуу комиссиясынатапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага | Ш.Б.Гапаров |