Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 10-декабры № 2/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-Мыйзамынын 34-беренесин ылайык,Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330 буйругу менен бекитилген, жергиликтүү кеңештин типтүү регламентин талкуулап токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин жаңы редакциясындагы Регламенти өзгөртүү толуктоо менен бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу жергиликтүү кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
3. Токтомду Юстиция министрлигине катоо Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Д.Сыдыковго милдеттендирилсин.
Төрага |
К. Ыбышов |