Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессисы
2024-жылдын 26-декабры № 31
“Самаркандек айыл аймагынын ардактуу атуулу”
наамын ыйгаруу жөнүндө
Самаркандек айылдык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл аймагында саламаттык сактоо тармагында көп жылдан бери көрсөтүп келген талыкпас эмгегин баалап, Самаркандек айылдык оорууканасынын врач-педиатры, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы Осмонов Маматисага “Самаркандек айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан “Ардактуу атуулу” наамынын төш белгисин жана лентасын камсыздоо жагы аткарылсын.
1. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин реламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага | Ш.Б.Гапаров |