Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессисы
2024-жылдын 26-декабры № 32
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2026-2027-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пункутчасына жана Самаркандек айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Самаркандек айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 28594,0 миң сом жана 2026-жылга божомолу 29896,8 миң сомго, 2027-жылга божомолу 31539,1 миң сомго бекитилсин.
2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Самаркандек айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар (атайын каражаттар менен) жалпы 28594,0 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин (статьялар боюнча тиркелет).
5. 2025-жылга айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 285,0 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2025-жылга Самаркандек айыл өкмөтүнүн резервдик фонду №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 2026-2027-жылдарга божомолу №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. 2025-жылга айыл аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда чукул абал үчүн 600,0 мин сомго чейин акча каражаты бөлүнуп берилсин.
9. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктары №7 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелеры боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
12. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага | Ш.Б.Гапаров |