Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 10-декабры № 2/2
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын туруктуу комиссияларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-Мыйзамынын 36-беренесин ылайык, Кум-Дөбө айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларынын курамын түзүп жана бекитүү тууралуу депутаттардын талкуусунун негизинде, Кум-Дөбө айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айылдык Кеңешинде төмөндөгүдөй туруктуу комиссиялар түзүлсүн:
-Экономика,финансы,бюджет жана орто бизнести өнүктүрү боюнча комиссия.
-Маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо,турак жай,комуналдык менчик,
социалдык маселелер боюнча комиссия.
- Айыл жана жер реформасы, айлана- чөйрөнү коргоо,курулуш байланыш боюнча Туруктуу комиссия.
-Мандат,депутаттык иш. Этика. Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо, адамдардын
Укутарын коргоо боюнча туруктуу комиссия.
2. Түзулгөн туруктуу комиссиялардын төрагасы жана мүчөлөрү төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн:
-Экономика,финансы,бюджет жана орто бизнести өнуктүрү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы: Убалиев Жаныбек Садыбакасович, Арыстанбекова Майрамбүбү,Керимова Нурзат, Бекбоева Жазгүл Жумабековна, Чынарбек уулу Бактяр.
-Маданият.билим берүү, Саламаттыкты сактоо, турак жай, комуналдык менчик, социалык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы: Сагыналы уулу Аман, Эгинбаева Нуриса Асанкановна, Макилов Руслан Каныбекович, Татыбекова Майрамгүл Мыктыбековна, Токоева Эльмира Алымбековна.
– Айыл жана жер реформасы, айлана- чөйрөнү коргоо,курулуш байланыш боюнча комиссиянын төрагасы: Нияман уулу Баатырбек, Сарыпбек уулу Тилек, Өмурбаев Замирбек Аскербекович, Байгазиев Калмырза Жетимишович, Бейшенбек уулу Амантур.
-Мандат,депутаттык иш. Этика. Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо, адамдардын укуктарын коргоо боюнча комиссиянын төрайымы: Сыдыкова Сажида Мамажунусовна, Назаркулов Бактидин Букардинович,Аскеева Дамира Жолосуновна, Жээнбек уулу Таалайбек.
3. Туруктуу комиссиялардын аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы К.Ыбышовго тапшырылсын
Төрага |
К. Ыбышов |