Загрузка документа…
4-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогун колдонуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогун колдонуу тартибин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) товарлардын каталогу - "Товарлардын каталогу" модулу аркылуу түзүлүүчү, товарлар жөнүндө маалыматтарды камтыган товарлардын тартипке келтирилген тизмеги;
2) "Товарлардын каталогу" модулу - Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу маалыматтык системасынын модулу, ал аркылуу товарлардын каталогу түзүлөт;
3) уникалдуу идентификатор - товарлардын каталогун түзүүдө "Товарлардын каталогу" модулу менен ыйгарылуучу товардын уникалдуу коду.
Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Тартипте терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши жок болгон учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугу менен аныкталган мааниде чечмеленет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогу төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларда коштомо документтерди, эсеп-фактураларды, арыздарды жана салыктык документтерди тариздөөдө;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларда контролдук-кассалык машиналарды колдонууда;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган башка учурларда.
2-глава. Товарлардын каталогун түзүү жана жүргүзүү
4. Товарлардын каталогу "Товарлардын каталогу" модулу аркылуу төмөнкүлөр берген маалыматтардын негизинде түзүлөт:
1) импорттоочу;
2) өндүрүүчү же даярдоочу;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка субъекттер.
5. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер товарларды товарлардын каталогуна киргизүү үчүн товар жөнүндө төмөнкү маалыматтарды берет:
1) ТЭИ ТН коду;
2) аталышы;
3) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган, товарлардын каталогун түзүү үчүн зарыл болгон кошумча маалымат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер берген маалыматтар товарларды товарлардын каталогуна киргизүү эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, товар уникалдуу идентификаторду ыйгаруу менен товарлардын каталогуна киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
6-1. Товарлардын каталогуна киргизилген товар жөнүндө маалыматтарды өзгөртүүгө ушул товарды пайдалануу менен таризделген документтер жок болгон шартта өзгөртүүлөрдү киргизүүгө өтүнмө берүү жолу менен жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Товарларды товарлардын каталогуна киргизүү эрежелери жана товарлардын каталогунун түзүмү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
3-глава. "Товарлардын каталогу" модулундагы товарларды өчүрүү
8. Товарлардын каталогундагы товарлар төмөнкү учурларда өчүрүлүүгө тийиш:
1) товарлар жүгүртүүдөн чыгарылганда;
2) товарлардын каталогундагы товарлар кайталанганда;
3) товар жөнүндө маалыматтар өзгөргөндө.
9. Товарларды деактивациялоо өндүрүүчүнүн, даярдоочунун же импорттоочунун кайрылуусунун негизинде же ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар пайда болгондо жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)