Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 9/I-29
Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикасы боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика боюнча аймактык комиссиялары жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча №1-тиркемеге ылайык комиссия түзүлсүн.
2. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын иш-планы бекитилсин (Тиркеме №2).
3. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын төрайымы- Керимбаева Асель Тургамбековна бекитилсин.
4. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын бир жылда бир өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун берип турсун.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |
|
| Ысык-Ата айылдык Кенешинин 29.11.2024ж. №№9/I-29 токтомуна №1 тиркеме |
Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча №1-тиркемеге ылайык комиссиянын курамы:
1. А.Керимбаева - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты,комиссиянын төрайымы;
2. У.Далбаев - айыл өкмөтүнүн орун-басар жооптуу катчысынын м.а., комиссиянын катчысы;
3. И.Бейшекеева - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн профсоюз уюмунун төрайымы, комиссиянын мүчөсү;
Төрага | Н. Ибраимов |
|
| Ысык-Ата айылдык Кенешинин 29.11.2024ж. №№9/I-29 токтомуна №2 тиркеме |
Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын этикасы боюнча комиссиянын иш-планы:
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу |
1 | Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына жана Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттарына Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этикалык Кодекси жөнүндөокутуу өткөрүү | ар бир жылдын 2 кварталы | Комиссиянын төрайымы |
2 | Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн ардактуу эс алуудагы ардагер муниципалдык кызматчы менен айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматчыларыларынын жолугушуусун өткөрүү | ар бир жылдын 2 кварталы | Комиссиянын төрайымы |
3 | Коррупцияга каршы иш-аракеттер жана кызыкчылыктардын конфликтиси жөнүндө окуу өткөрүү | ар бир жылдын 3 кварталы | Комиссиянын төрайымы |
4 | Этикалык жүрүм-турум жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | ар бир жылдын 4 кварталы | Комиссиянын төрайымы |
5 | Этикалык нормаларды бузуу учурларын кароо | жыл ичинде | Комиссиянын төрайымы |
Төрага | Н. Ибраимов |